Грециянын мурунку президенти каза болду

1995 – 2005 - жылдарда эки мезгил президенттикти аткарган Константинос Стефанопулос жаткырылган ооруканада каза тапты

614594
Грециянын мурунку президенти каза болду

Грециянын мурунку президенттеринен Константинос Стефанопулос жаткырылган ооруканада каза тапты. Ооруканадан берилген маалыматта мурунку президенттин түнкү сааттарда бир нече органынын иштебей калышы менен каза болгондугу белгиленди.

Дарыгерлери өткөн бейшемби күнү өпкөгө суук тийген деген негиз менен ооруканага жаткырылган Стефанопулостун абалынын барган сайын начарлагандыгын жана дарылоого жооп бербегендигин айтышты.

Стефанопулос 1995 – 2005 -  жылдары эки мезгил  президентттик кызматты аткарган.  Укукчу  болгон жана 1961 – жылы саясий карьерин баштаган Стефанопулос Жаңы Демократия өкмөтүндө бир канча мезгил министрлик кызматты аткарган.



Тектеш кабарлар