Түндүк Кореяда өзгөчө кырдаал жарыяланды

Чет элдиктердин кирүүсүнө уруксат бербеген өлкө бул ирет уруксат берди.

569986
Түндүк Кореяда өзгөчө кырдаал жарыяланды

Түндүк Кореяда таасирдүү болгон Лионрок тайфуну себепчи болгон сел апаатында 133 киши каза таап, өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Бириккен Улуттар Уюмунун гуманитардык иштер боюнча координация кеңсесинин отчетуна караганда ал өлкөдө 29-августтан бери таасирдүү болгон Лионрок тайфуну 35500 үй, мектеп жана мамлекеттик имараттарды кыйратып кетти.

Кытай менен Түндүк Кореянын ортосундагы Тумен дарыясынын ташышы менен пайда болгон селде көп сандаган талаа аянтын суу каптаса, 133 киши каза болуп, 395 киши жоголду.

Өлкөдө 140  миң киши шашылыш жардамга муктаждыгы болгону белгиленген отчетто, Пхеньяндын БУУ жана эл аралык жардам мекемелеринин гуманитардык жардам жеткирүү иштерине уруксат бергени белгиленди.

Отчетто Түндүк Корея өкмөтүнүн да кыш келе электе жолдорду ачуу, жардам таркатуу жана 20 миң үйдү кайрадан куруу үчүн ылдам иштей баштаганы орун алды.



Тектеш кабарлар