Перунун мамлекет башчысы Педро Пабло Кучинский

Педро Пабло Кучинский добуштардын 50, 12 пайызын алды

508175
Перунун мамлекет башчысы Педро Пабло Кучинский

Перунун жаңы мамлекет башчысы Педро Пабло Кучинский болду.

Кучинский президенттик шайлоонун экинчи турунан добуштардын 50, 12 пайызын алып алдыга чыкты. Кучинскийдин атаандашы мурунку мамлекет башчысы Альберто Фухиморинин кызы Кеико Фухимори болсо добуштардын 49, 88 пайызын алып артта калды.

Шайлоонун биринчи турунда  Фухимори коррупция жана адам укуктарын бузуудан улам абакта жаткан атасынын айынан катуу сындарды алган. Шайлоо жыйынтыгынын билдирилишинен кийин кыскача сөз сүйлөгөн Кучинский колдоочуларына рахмат айтты.

77 жаштагы Кучинский Дүйнө банкынын мурунку экономисттеринен.



Тектеш кабарлар