Дубайда туризм жарманкеси

85 өлкө катышып жаткан көргөзмө-жарманке 4 күнгө созулат.

477833
Дубайда туризм жарманкеси

Стамбул соода палатасы «There is only one İstanbul» (Бир гана Стамбул бар) деген ураан менен таанытуу ишин жүргүзүп жатат.

Дүйнөлүк туризм секторунун маанилүү көргөзмө-жарманкелеринин арасында орун алган Arabian Travel Market жарманкеси Бириккен Араб Эмирликтеринин  экономика борбору Дубайда бүгүн ачылды.

Стамбул соода палатасы Дубайда алгач ирет быйыл 85 чарчы метрдик аянтта Стамбул стендин ачты.

Көргөзмө аянтынын кире беришиндеги жана ичиндеги жарнамалык аянттарды ижарага алган соода палатасы, конокторду «There is only one İstanbul»  деген ураан менен тосуп алууда.

Стамбул соода палатасынын маалыматы боюнча, Стамбулга үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айында жалпы 2 миллион 149 миң турист келди. Стамбулга келген туристтердин бештен бирин болсо Жакынкы Чыгыштан келген туристтер түзүүдө.

85 өлкө катышып жаткан Arabian Travel Market көргөзмө-жарманке 4 күнгө созулат.


Этикеткалар: #Дубайда , #жарманкеси

Тектеш кабарлар