Түркиядан Азербайжанга 11 фура менен гуманитардык жардам баратат

Тоолуу Карабах аймагындагы кыйынчылыктарды жеңилдетүү үчүн Стамбулдан жөнөгөн Түрк Кызылайынын жардам кербени Орду шаарынан өттү.

1519427
Түркиядан Азербайжанга 11 фура менен гуманитардык жардам баратат

Армениянын Азербайжандагы  жарандарга кол салуулар көбөйгөндөн кийин, Түркия Азербайжанга гуманитардык жардам жеткирди.

Тоолуу Карабах аймагындагы кыйынчылыктарды жеңилдетүү үчүн Стамбулдан жөнөгөн Түрк Кызылайынын жардам кербени Орду шаарынан өттү.

Ордудагы балдардын тобу Азербайжандагы теңтуштарына жеткирүү үчүн командаларга оюнчуктар менен кийимдерден турган пакеттерин тапшырышты.

Андан кийин колонна Азербайжанга жөнөп кетти.

Түрк Кызылайынын Башкы кеңсесинин текшерүүчү кеңешинин баяндамачысы Эрдоган Кысажык, жардам унааларын толтурган кайрымдууларга ыраазычылыгын билдирип, «Азербайжан башка мамлекет эмес, ал биздин боордош өлкөбүз. Ошондуктан, биз аларга жеңиш каалайбыз. Биздин гуманитардык жардам мындан ары дагы уланат»,-деди.

Кысажык жүк ташуучу унааларда кышкы кийимдер, гигиеналык топтомдор, жууркан, чатырлар, керебеттер жана ашкана топтомдору бар экендигин белгиледи.



Тектеш кабарлар