Украиналык саясатчылар Азербайжанга колдоо көрсөтүшүүдө

Украиналык саясатчылар Тоолуу Карабахтын  Азербайжандын ажырагыс бөлүгү экендигин жана согушту токтотуу үчүн Армениянын аскерлерин чыгарып кетиши керектигин айтышууда.

1517433
Украиналык саясатчылар Азербайжанга колдоо көрсөтүшүүдө

 Украиналык саясатчылар Тоолуу Карабахтын  Азербайжандын ажырагыс бөлүгү экендигин жана согушту токтотуу үчүн Армениянын аскерлерин чыгарып кетиши керектигин айтышууда.  

Украина парламентинин депутаты Рүстем Умеров Анадолу агенттигине маалымат берип : «Украина мамлекети Тоолуу Карабахты Азербайжандын ажырагыс жери катары тааныйт. Эл аралык  жамаат Армениянын Тоолуу Карабахты басып алды деп кабыл алат»,- деди.  

Крым Татар Улуттук Парламентинин спикери Рефат Чубаров болсо согуштун Азербайжан жеринде болуп жаткандыгын жана Азербайжандын 30 жылдан бери Армения басып алган жерлерин боштондукка чыгаруу үчүн күрөшкөнүн айтты. Чубаров Тоолуу Карабахта 3 жолу ок атышпоо режиминин бузулгандыгын бирок ар жолкусунда 1 күндөн ашык болбогондугун эске салып : «Туруктуу ок атышпоо режими үчүн Армениянын аскерлерин Азербайжан жерлеринен чыгарарына убада бериши керек»,- деди.

Согушту токтотуу үчүн тараптардын Азербайжандын аймактык бүтүндүгүнө кепилдик бериши керектигин айткан Чубаров : "Андан кийин, аймактагы армян азчылыктардын азербайжандыктар  менен кандай жашай тургандыгына байланыштуу  формула табылышы керек бирок бул үчүн алгач согуштун токтошу үчүн  Армения өз аскерлерин чыгарып кетиши керек”,- деди.



Тектеш кабарлар