Армениянын артка чегинүүсү уланууда

Азербайжандын Коргоо министрлиги, «Душмандын чабуул жасоо аракеттерине чечкиндүү түрдө бөгөт коюлду жана  жоготууларынын натыйжасында артка чегиништи», -деди.

1517499
Армениянын артка чегинүүсү уланууда

Гуманитардык ок ​​атышпоо келишимин сактабаган Армения түн ичинде Азербайжан аймагына кол салды.

Азербайжандын Коргоо министрлиги, «Душмандын чабуул жасоо аракеттерине чечкиндүү түрдө бөгөт коюлду жана  жоготууларынын натыйжасында артка чегиништи», -деди.

Азербайжандын Коргоо министрлиги Армения армиясынын Азербайжан фронтундагы калктуу конуштарга кол салгандыгын жарыялады.

Кагылышуулар негизинен Агдара, Хожавенд, Физули, Зангилан жана Гүделиде уланды.

Азербайжан армиясы чабуулдардын мизин майтарды. Армениянын кол салуу аракеттерине бөгөт коюлуп, көптөгөн жоготууга учураган армян жоокерлери артка чегиништи.

Армян күчтөрүнө таандык көп сандаган аскердик унаалар жана ок-дарылар жок кылынды.

Ереван бийлиги Азербайжан жерине жөнөтүү үчүн аскерлерди чогултууну улантууда.

Армения армиясы 2 миң адамга чейин чогултуу буйругун чыгарганы менен, 300 адам гана бул буйрукка баш ийген.

Көптөгөн аскердик подрядчиктер жана полиция фронтко баруудан баш тартышты.



Тектеш кабарлар