Азербайжан армиясы 20 айыл жана бир поселокту армян баскынынан бошотту

Агбенд шаарынын Армениянын баскынынан бошотулушу менен Азербайжан  - Иран чек арасында басып алынган жерлердин толугу менен көзөмөлгө алынганын айткан Алиев Азербайжан менен Иран калкын куттуктад

1514683
Азербайжан армиясы 20 айыл жана бир поселокту армян баскынынан бошотту

Азербайжандын президенти Илхам Алиев  20 айыл жана 1 шаардын Армениянын басып алуусунан бошотулгандыгын, Азербайжан  - Иран чек арасындагы басып алынган жерлердин толугу менен көзөмөлгө алынгандыгын жарыялады.

Алиев твиттерден берген маалыматында : «Каарман Азербайжан армиясы Фузули облусунун Моллавели, Жогорку Рефидинли жана Төмөнкү Рефидинли; Жабраил облусунун Сирик, Шыхлар, Местелибейли жана Дерзили айылдарын баскындан бошотту. Жашасын Азербайжан армиясы. Карабах Азербайжандыкы»,- деп билдирди.

Президент Алиев Зенгилан облусунун Коллукышлак, Малаткешин, Кенд Зенгилан, Генлик, Великулубейли, Карадере, Чөпедере, Татар, Тири, Эмирханлы, Каркулу, Бартаз, Деллекли айылдары менен Агбенд шаарынын да Армениянын баскынынан бошотулгандыгын белгиледи.

Агбенд шаарынын Армениянын баскынынан бошотулушу менен Азербайжан  - Иран чек арасында басып алынган жерлердин толугу менен көзөмөлгө алынганын айткан Алиев Азербайжан менен Иран калкын куттуктады.

Азербайжан армиясы Тоолуу Карабахта 27 -  сентябрда баштаган операцияда 3 шаар борборун, 2 поселок жана 112 айыл менен кээ бир стратегиялык бийик жерлерди Армениянын баскынынан бошотту.



Тектеш кабарлар