Түркиядан фронт аймагына жакын жердеги азербайжандарга азык-түлүк жардамы жеткирилди

Түркия, Азербайжандын фронт чегине жакын аймактарда жашаган жана армян баскынчылыгынан жапа чеккен жарандарга 40 тонна негизги азык-түлүк жардамын жөнөттү.

1514195
Түркиядан фронт аймагына жакын жердеги азербайжандарга азык-түлүк жардамы жеткирилди

Түркия, Азербайжандын фронт чегине жакын аймактарда жашаган жана армян баскынчылыгынан жапа чеккен жарандарга 40 тонна негизги азык-түлүк жардамын жөнөттү.

Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА), тарабынан жиберилген азык-түлүк пакеттери Түркиянын Бакудагы элчиси Эркан Озорал, Азербайжан качкындары жана милдеттүү миграция боюнча жооптуу мамлекеттик комитетинин вице-президенти Фуад Гусейнов жана ТИКА Баку программасынын координатору Теоман Тирякинин катышуусунда ишке ашырылган аземден кийин аймакка жөнөтүлдү.

Элчи Өзорал, Түркиянын кийинки жаман күнүндө дагы жакшы күнүндө дагы Азербайжандын жанында болгонун баса белгиледи.

Түркия менен Азербайжандын «эки мамлекет, бир улут» экенин эске салган Өзорал: «Биз Азербайжанды өз жерлерин сактап калуу үчүн күрөшүүдө акырына чейин колдойбуз. Биздин колдообуз бир тууган болгондуктан гана эмес, Азербайжандын туура күрөш жүргүзүп жаткандыгынан да келип чыккан. Биз эч качан бир туугандарыбызды жалгыз калтырбайбыз»,- деди.

Азербайжан Качкындар жана милдеттүү миграция боюнча боюнча мамлекеттик комитетинин башчы орун басары Гусейнов, бул күрөштө Түркия мамлекетинин жана улутунун чоң колдоосун сезишкендиктерин билдирип, азык-түлүк жардамы үчүн Түркияга жана ТИКАга ыраазычылыгын билдирди.

Даяр тамак жана консервалардан турган 40 тонна азык-түлүк Тертер, Агдам жана Берде облустарындагы фронтко л жакын аймактарда жашаган 2 миң үй-бүлөгө таратылат.



Тектеш кабарлар