Азербайжан Армениянын учкучсуз учуучу аппаратын атып түшүрдү
Буга байланыштуу билдирүүнү Азербайжандын Коргоо министрлиги жасады.
Азербайжан армиясынын Арменияга таандык учкучсуз учуучу аппаратын атып түшүргөнү билдирилди.
Буга байланыштуу билдирүүнү Азербайжандын Коргоо министрлиги жасады.
Билдирүүдө Армения армиясына таандык учкучсуз учуучу аппараттын Нахичевань Автономиялуу Республикасынын Седерек жана Шерур аймактарына учуп баратканда атып түшүрүлгөнү белгиленди.
Экинчи жагынан Армения армиясы Азербайжандын Сиезен, Гебеле жана Күрдемир облустарына баллистикалык ракеталар менен кол салды.
Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00 чамасында Сиезен облусуна 3 ракета, саат 09:00 чамасында Гебеле обулусуна 2 жана Күрдемир облусуна 1 ракетанын атылгандыгы белгиленди.
Ракеталардын Армениянын аймагынан атылгандыгы баса белгиленген билдирүүдө, карапайым калктын бутага алынгандыгы кабарланды.
Билдирүүдө кол салуулардан каза тапкандардын катталбагандыгы айтылды.
Тектеш кабарлар
Чыңгыз Айтматовду эскерүү
Түрк дүйнөсүнүн чыгаан инсаны, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жаркын элеси эскерилди