Колго түшүрүлгөн Арменияга таандык аскердик унаалардын көрүнүштөрү
Аскердик унаалар Армениянын оккупациясындагы Суговушандын Талиш айылында колго түшүрүлдү.
Азербайжан армиясы тарабынан колго түшүрүлгөн Арменияга таандык аскердик унаалардын айрымдарынын көрүнүштөрү жарыяланды.
Армения армиясына таандык Россияда чыгарылган персонал жана жүк ташуучу унаалар, Азербайжандын Евлах шаарындагы аскердик базага алып барылды.
Аскердик унаалар Армениянын оккупациясындагы Суговушандын Талиш айылында колго түшүрүлдү.
Армян аскерлеринин операция учурунда көптөгөн унааларды жана ок-дарыларды таштап кеткендиктерин жана базага алып барылгандыгын белгилеген жетекчилер, автоунаалардын олжолордун бир бөлүгү экенин билдиришти.
Операция маалында колго түшүрүлгөн унаалардын ичинде армян аскерлерине таандык документтер, форма, өтүк, каска жана жеке шаймандар да бар.
Азербайжандын президенти Илхан Алиев, 1994-жылдан бери Армениянын оккупациясында турган Суговушан аймагынын кайра алынгандыгын 3-октябрда жарыялаган болчу.
Тектеш кабарлар
Чыңгыз Айтматовду эскерүү
Түрк дүйнөсүнүн чыгаан инсаны, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жаркын элеси эскерилди