Өмүралиев: «Бул уюмдун алкагында 35 тармакта иш алып баруудабыз»

Анкарада Түрк Мамлекеттер Уюму (TМУ) «Түрк кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечектеги перспективалары» аттуу панелдик сессиясын өткөрдү. Иш-чара ТМУну түзгөн Нахчыван келишиминин 15 жылдыгына жана «3-октябрь Түрк мамлекеттеринин кызматташтык күнүнө» карата уюштурулду. Иш-чаранын алкагында ТМУнун баш катчысы, элчи Кубанычбек Өмүралиев менен маектешүү болду.