2024-жыл рекорддук «эң ысык жыл» болот деген божомол тастыкталды
Европа Биримдигинин (ЕБ) спутниктик байкоо системасы Коперниктин билдирүүсүнө караганда, өткөн ай «эң жылуу экинчи ноябрь» болду жана жер үстүндөгү абанын орточо температурасы 14,10 градус деп өлчөндү.
2024-жыл рекорддук «эң ысык жыл» болот деген божомол ырасталды.
Европа Биримдигинин (ЕБ) спутниктик байкоо системасы Коперниктин билдирүүсүнө караганда, өткөн ай «эң жылуу экинчи ноябрь» болду жана жер үстүндөгү абанын орточо температурасы 14,10 градус деп өлчөндү.
Бул ноябрь айы үчүн 1991-2020-жылдардагы орточо көрсөткүчтөн 0,73 градуска жогору.
Жыл башынан бери (2024-жылдын январь-ноябрь) глобалдык орточо температура аномалиясы 1991-2020-жылдардагы орточо көрсөткүчтөн 0,72 градуска жогорулады. Бул көрсөткүч 2024-жылдын 2023-жылдын ушул мезгилине караганда 0,14 градуска жылуу болгонун көрсөттү.
Ошентип, 2024-жыл тарыхтагы эң ысык жыл болот деген божомол ырасталды.
Температура Орусиянын түндүгүндө жана Түндүк-Чыгыш жана Түштүк-Батыш Европада орточодон жогору, Түштүк-Чыгыш Европада орточодон төмөн болду.
Европадан тышкары, Канаданын чыгышында, Америка Кошмо Штаттарынын борбордук жана чыгышында, Мексиканын басымдуу бөлүгүндө, Мароккодо, Африканын түндүк-батышында, Кытайда, Пакистанда, Сибирдин көпчүлүк бөлүгүндө жана Австралияда температура орточо деңгээлден жогору болгон.
Билдирүүдө сөздөрү камтылган Коперник Климаттын Өзгөрүү Кызматынын (C3S) директорунун орун басары Саманта Буржесс, 2024-жылдын рекорддук эң ысык жыл болушуна кошумча биринчи жылы глобалдык температуранын жогорулашы 1,5 градустан жогору болоору дээрлик анык экенин белгиледи.
Бул өсүштүн мүмкүн болушунча 2 градустан төмөн болушун шарттаган Париж келишиминин азырынча бузулбагандыгын белгилеген Буржесс: «Бирок бул климат үчүн чара көрүүнүн мурдагыдан да шашылыш экенин билдирет»,-деп өз баасын берди.