Жасалма интеллект менен жазылган жаңылыктарды түшүнүү кыйыныраак
22-октябрда «Журналистика: теория, практика жана сын» илимий журналында жарыяланган изилдөөгө Улуу Британиядагы веб-сайттардагы жаңылыктарды такай окуган кеминде 3000 адам катышкан.
Германиядагы Людвиг Максимилиан университетинин илимпоздору тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөдө журналисттер жазган тексттер менен жасалма интеллект чыгарган тексттердин түшүнүктүүлүгү салыштырмалуу түрдө каралды.
22-октябрда «Журналистика: теория, практика жана сын» илимий журналында жарыяланган изилдөөгө Улуу Британиядагы веб-сайттардагы жаңылыктарды такай окуган кеминде 3000 адам катышкан.
Катышуучулар жарымы жасалма интеллект, жарымы журналисттер жазган 24 тексттин бирине баа беришти.
Изилдөөнүн башкы автору Сина Тхаслер-Кордонур окурмандар жасалма интеллект менен жазылган кабар тексттерин анча түшүнүксүз деп табышканын айткан.
Тхаслер-Кордонуринин айтымында, кээ бир жасалма интеллект тексттери журналисттер тарабынан оңдолсо дагы натыйжа өзгөрбөгөнүн маалымдаган.
Жасалма интеллект менен өндүрүлгөн тексттердин түшүнүү кыйын болушунун себептеринин бири да сөз тандоосу экени билдирилди.
Окурмандардын бул тексттерде түшүнүү кыйын болгон сөздөргө жана туюнтмаларга туш болушу терс кесепеттерге алып келери айтылат.
Катышуучулардын жасалма интеллект менен даярдалган тексттерде сандар жана маалыматтардын жакшы иштетилген жолун таба албаганы да белгиленди.
Ал эми агымы, түзүлүшү жана стили жагынан окурмандардын тексттерге ыраазы экени айтылат.
Изилдөө долбоорун жүргүзгөн профессор Нил Турман журналисттер менен технология адистери жасалма интеллект колдогон тексттерди түзүүдө түшүнүксүз сөздөрдү колдонбоого жана маалыматтарды берүү ыкмасына көңүл бурушу керектигин айтат.