Нуман Куртулмуш Калласты кабыл алды

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Нуман Куртулмуш Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Кажа Калласты парламентте кабыл алды.

2234279
Нуман Куртулмуш Калласты кабыл алды

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Нуман Куртулмуш Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Кажа Калласты парламентте кабыл алды.

Куртулмуш Калластын кызматы учурунда Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштарында маанилүү жылыштардын болушун каалаганын айтып, Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк перспективасынын чын жүрөктөн уланып жатканын белгиледи.

Куртулмуш  Түркиянын реформа перспективасына ээ өлкө экендигин, кечээ да президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан президенттик комплексте  коомчулуктун кеңири катмары тарабынан жылуу кабыл алынган сот реформасы пакетинин кечээ президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан Президенттик комплексте жарыялангандыгын айтты.

Куртулмуш Түркиянын Сириянын жаңы башкаруусу жана калкына карата «демократиялык жол көрсөтүүчү» милдеттерин аткарууга аракет кылып жатканын да белгиледи.

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Куртулмуш Израилдин Газадагы адамзаттык тышы кол салуулары жана кыргындын аймактагы башка негизги маселе экендигин айтып, кагаз жүзүндөгү ок атышпоодон тынчсыздангандарын, мунун туруктуу ок атышпоого айландырылышынын шарт экендигин белгиледи. 

Каллас болсо Түркия менен Европанын ортосунда парламенттер аралык карым  - катнаштардын абдан жакшы экендигин, ушундайча улантууну каалагандарын айтты.

 



Тектеш кабарлар