Ирактын түндүгүндө бир аскер шейит болду
Оор жаралуу ооруканага алып барылган офицер Уфук Акынжы бардык жардамдарга карабастан куткарыла албады.
2234152
Ирактын түндүгүндө террордук уюм ПКК мүчөлөрүнүн ок атуусу менен бир аскер шейит болду.
Улуттук коргоо министрлиги тарабынан берилген маалыматта «Чеңгел - Арстан» операциясы аймагында жикчил террордук уюмдун мүчөлөрү аткан октон офицер Уфук Акынжынын жаракат алгандыгы белгиленди.
Оор жаралуу ооруканага алып барылган офицер Уфук Акынжы бардык жардамдарга карабастан куткарыла албады.
Коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун «Чеңгел - Арстан» операция аймагында шейит болгон офицер Уфук Акынжы үчүн көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялады.
Алтун билдирүүсүндө террордук уюмдар менен күрөшүүдө чечкиндүү экендерин билдирди.