Европа комиссиясынын төрага орун басары Кажа Каллас бүгүн Түркияга сапар менен келди
Тышкы иштер министри Хакан Фидан Калас менен жолугушту.
Европа Биримдигинен (ЕБ) Түркияга карата жогорку деңгээлдеги сапарлар уланууда.
Европа комиссиясынын төрага орун басары Кажа Каллас бүгүн Түркияга сапар менен келди.
Тышкы иштер министри Хакан Фидан Калас менен жолугушту.
Жолугушууда Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүгүнүн стратегиялык максат экендиги баса белгиленди.
Кошулуу процессин жандандыруунун күтүлүп жаткандыгы айтылды.
Бажы биримдигин жаңылоо жана визаны либералдаштыруу диалогун аяктоо талаптары билдирилди.
Миграция боюнча кызматташууну адилеттүү негизде жаңылоо талкууланды.
Министр Фидан Европа Биримдигинен террор менен күрөшүүдө конкреттүү кадамдардын күтүлгөндүгүн билдирди.
Сирияга каршы санкциялардын жоюлушу жана сириялыктардын коопсуз түрдө кайтышына көңүлдөрдү бурду.
Фидан Израилдин Газа тилкесинде ок атышпоо келишимине толук баш ийүүсү жана эки мамлекеттүү чечим үчүн эл аралык кысым көрсөтүү чакырыгын кайталады.
Украина - Россия согушун дипломатия жолу менен чечүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жандандыруу керектиги баса белгиленди.