ТРТнын 15-Эл аралык даректүү тасма сыйлыктары «Кристалл жылын» белгилеп жатат
Стамбулда 12-15-декабрь аралыгында өтө турган иш-чаранын быйылкы темасы «Алыс болсо да, чындыгында абдан жакын» деп аталат.
Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемеси (TRT) тарабынан уюштурула турган 15 - ТРТ Эл аралык даректүү тасма сыйлыктарын тапшыруу аземдери эртең башталат.
ТРТ Түркиядагы жана дүйнөдөгү документалдык климатты байытып, профессионал жана ышкыбоз документалисттерге колдоо көрсөтүүдө.
ТРТнын 15-Эл аралык даректүү тасма сыйлыктары «Кристалл жылын» белгилеп жатат.
Стамбулда 12-15-декабрь аралыгында өтө турган иш-чаранын быйылкы темасы «Алыс болсо да, чындыгында абдан жакын» деп аталат.
Дүйнөдөгү башаламандык жана согуш коркунучтарына, өзгөчө Газадагы адамдык трагедияга көңүл бурулат.
Дүйнөнүн маанилүү фестивалдарында сыйлыктарга ээ болгон даректүү тасмалар жана Палестина маселелерин чагылдырган тасмалар өзгөчө тандоо менен көрүүчүлөргө тартууланат.
Иш-чаранын алкагында тажрыйбалуу режиссёрлор менен мастер-класстар, маектешүүлөр, даректүү тасма тартуунун бүгүнкүсү жана келечеги боюнча панелдер жана семинарлар өткөрүлөт.
100 өлкөдөн 4 категорияда 1700гө жакын кайрылуу болгон фестивалда 40 финалист сыйлыктар үчүн ат салышат.
Финалга өткөн даректүү тасмалар көрсөтүлөт.
Жекшемби күнү боло турган сыйлык тапшыруу аземинде «ТРТнын 60 жылдык атайын сыйлыктары» да болгон жалпы 15 сыйлык ээлерине тапшырылат.
Жабылуу программасы жана сыйлык тапшыруу аземи TRT Belgesel каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.
Тектеш кабарлар
Элчилер президент Эрдоганга ишеним грамоталарын тапшырышты
Президенттик комплексте ишеним грамоталарын тапшыруу аземи өттү.