Хакан Фидан Брюсселде жолугушууларын улантууда
Министр Фидан Брюсселдеги НАТОнун тышкы иштер министрлер жыйынынын алкагында британиялык кесиптеши Ламми менен жолугушту.
2217079
Тышкы иштер министри Хакан Фидан Бельгиянын борбор шаары Брюсселде жолугушууларын улантууда.
Министр Фидан Брюсселдеги НАТОнун тышкы иштер министрлер жыйынынын алкагында британиялык кесиптеши Ламми менен жолугушту.
Жолугушууда Сирия маселеси талкууланды.
Министр Фидан ошондой эле «Түндүк бештиги» (Дания, Финляндия, Швеция, Норвегия, Исландия) тышкы иштер министрлери менен жолугушту.
5+1 форматында өткөрүлгөн бул биринчи жолугушууда Сириядагы абал, Россия - Украина согушу жана Арктика аймагындагы коопсуздук абал талкууланды.
Фидан Украинанын тышкы иштер министри Андрий Сибига менен да жолугушту. Жолугушууда аймактык маселелер менен эки өлкөнүн карым - катнаштары талкууланды.