Түрк аба жолдорунун жүргүнчү санында өсүш
Жүргүнчү саны январь-сентябрь айларында 1,8 пайызга өстү.
2196385
Түрк аба жолдорунун (THY) жүргүнчү саны үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында 1,8 пайызга өстү.
Аталган мезгилде 2023-жылы 63 миллион 9 миң болгон жүргүнчүлөрдүн жалпы саны 2024-жылдын тийиштүү мезгилинде 65 миллион 1 миң болду.
2023-жылдын январь-сентябрь айларында ташылган жүк почтасы 1,2 миллион тонна болсо, 2024-жылдын ушул эле мезгилинде 26,5 пайызга өсүп 1,5 миллион тоннага жетти.
Сентябрь айынын акырына карата флоттогу учактардын саны да 467ни түздү.