Ливандан аба жолу аркылуу эвакуациялоо үчүн даярдыктар көрүлүүдө
Түркиянын Бейруттагы элчилиги X социалдык медиа баракчасынан, Ливандан кетүүнү каалаган түрк жарандарынын деңиз аркылуу эвакуацияланышына байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.
Түркиянын Бейруттагы элчилиги, Ливандан чыгып кетүүнү каалаган түрк жарандарын деңиз жолу аркылуу эвакуациялоонун башталганын, буга кошумча түрдө аба жолу менен Түркияга кайтууну каалагандар үчүн да даярдыктар көрүлүп жатканын жана алдын ала арыз бере алышарын жарыялады.
Түркиянын Бейруттагы элчилиги X социалдык медиа баракчасынан, Ливандан кетүүнү каалаган түрк жарандарынын деңиз аркылуу эвакуацияланышына байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.
Ливандан чыгып кетүүнү каалаган түрк жарандарын деңиз аркылуу эвакуациялоо иштери башталганы белгиленген билдирүүдө: «Өлкөбүзгө аба жолу менен келүүнү каалаган жарандарыбыз үчүн Бейрут-Стамбул аэропорту жана/же Бейрут-Чукурова аэропорту багыттарында чектелген сандагы каттамдарды акы төлөнүү менен уюштурууга даярдыктар көрүлүүдө»,-деп кабарланды.
Билдирүүдө ошондой эле Түркияга аба жолу менен келүүнү каалаган жарандар алдын ала каттоо арыздарын 24 саат иштеген Консулдук Чалуу Борбору (+90 312 292 29 29) аркылуу бере алышары айтылды.
Тышкы иштер булактарынан алынган маалыматка ылайык, учак үчүн алдын ала арыздар чогултулгандан кийин белгилүү бир акы төлөп бул учууларга катышууну каалаган жетиштүү сандагы арыз түшсө күнү, багыты жана учуу саны аныкталат.
Бүгүн деңиз аркылуу Ливандан чыгарыла турган 1900гө жакын жүргүнчү эки кеме менен Түркияга жол тартат.