Эрдоган Израилге каршылык көрсөттү

Президент Эрдоган, өзү жетектеген Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын (АК Партия) Түркия Улуу Улуттук Жыйынындагы фракциялык жыйынында сөз сүйлөдү.

2196621
Эрдоган Израилге каршылык көрсөттү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Израилдин убада кылынган жерлер жөнүндөгү кыялдарынын чоң көңүл калуу жана жеңилүү менен аяктарын айтты.

Президент Эрдоган, өзү жетектеген Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын (АК Партия) Түркия Улуу Улуттук Жыйынындагы фракциялык жыйынында сөз сүйлөдү.

Эрдоган Израилдин Газзага кол салууларында күн сайын кыргындын материалдык жана руханий чыгымдары өсүп жатканын, согуштун аймактагы башка өлкөлөргө жайылуу коркунучу күчөгөнүн билдирди.

Бул чыңалууга жакындан байкоо салып жаткандарын айткан Эрдоган: "Мамлекетибиздин жана элибиздин коопсуздугу үчүн бардык чараларды көрүп жатабыз. Өлкөбүздү азыркыга чейин аймактык чыңалуулардан алыс кармадык. Өрткө бензин куйгандардан эмес, өчүрүүгө аракет кылгандардан болдук. Ошол позициябызды бүгүнкү күндө да сактап жатабыз", - деди.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жана анын кылмыштуу тобу курулай кыялдарга берилип, өтө коркунучтуу окуяга аралашып жатканын баса белгилеген Эрдоган: "Түркия эмне кылынып жатканын жакшы түшүнөт. Акыркы максаттын кайсы жер экенин да так көрүп турабыз. Түркиянын коопсуздугун коргойбуз, аймагыбызга жана жерибизге карата операция жүргүзүлүшүнө жол бербейбиз", - деп айтты.

Түркиянын жайылууну каалап мекенге көз арткандарды, басып алуу ниеттерин токтотууга күч-кудурети бар экенин билдирген президент Эрдоган: "Ачык айтып жатам. Убада кылынган жерлер жөнүндөгү кыялдарынын аягы чоң көңүл калуу жана жеңилүү менен бүтөт. Мындан эч шек санабагыла. Израиль - сионисттик террордук уюм",- деди.



Тектеш кабарлар