Болат: "Биздин максат БАЭ менен соода көлөмүн 40 миллиард долларга жеткирүү"

Министр Болат Дубай соода палатасынын башкаруу кеңешинин төрагасы Мухаммед Али бин Рашид Лута башындагы делегацияны министрликте кабыл алганын маалымдады.

2196720
Болат: "Биздин максат БАЭ менен соода көлөмүн 40 миллиард долларга жеткирүү"

Соода министри Өмер Болат, негизги максаттарынын Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ) менен соода көлөмүн 5 жылдын ичинде 40 миллиард долларга жеткирүү экенин айтты.

Министр Болат социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө, Дубай соода палатасынын башкаруу кеңешинин төрагасы Мухаммед Али бин Рашид Лутанын жетекчилигиндеги делегацияны министрликте кабыл алганын маалымдады.

Түркия менен БАЭнин ортосундагы эки тараптуу соода көлөмүнүн өткөн жылы мурунку жылга салыштырмалуу 107 пайыздык өсүү менен 20 миллиард доллардан ашканын баса белгилеген Болат: «Эки тараптуу соода жана ар тараптуу экономикалык өнөктөштүк келишиминин алкагындагы негизги максатыбыз 5 жыл ичинде соода көлөмүбүздү 40 миллиард долларга жеткирүү»,-деди.

Болат эки өлкөнүн өзгөчө энергетика, коргонуу, автомобиль, узак мөөнөттүү товарлар, дары-дармек менен жашыл жана санариптик өнөр жай сыяктуу ар түрдүү секторлордо жаңы өнөктөштүк түзүү потенциалы бар экенине көңүл бурду. 



Тектеш кабарлар