Түркия Сан-Томе жана Принсипи менен келишимим түздү
Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар X социалдык медиа платформасында темага байланыштуу билдирүү жасады.
Түркия менен Сан-Томе жана Принсипи ортосунда энергетика тармагында кызматташуу үчүн өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.
Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар X социалдык медиа платформасында темага байланыштуу билдирүү жасады.
Билдирүүдө: "Биз Сан-Томе жана Принсипинин Инфраструктура жана жаратылыш ресурстары министри Хосе До Насименто Карвальо Де Рио мырза менен өлкөлөрүбүздүн ортосундагы энергетика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол койдук. Өз ара түшүнүшүү меморандумунун алкагында кайра жаралуучу энергия жана электр энергиясы тармагында, ошондой эле деңизде мунай жана жаратылыш газын чалгындоо иш-чараларында кызматташтыкты өнүктүрүүнү максат кылуудабыз",,делди.
Бир тараптан министр Байрактар Оруч Реис сейсмикалык изилдөө кемесин узатуудан мурун Сомалинин мунай жана минералдык ресурстар министри Абдирисак Мохамед Омар менен жолугушкандарын белгилеп: «Биз Сомали деңиздеринде биздин кеме аткара турган иштердин деталдарын дагы бир жолу талкууладык. Ошондой эле жер тилкелериндеги азыркы кызматташуубузду улантуу үчүн өз ара эмне кыла аларыбызды бааладык», - деди.