Куртулмуштан БУУга Израиль реакциясы
Нуман Куртулмуш Стамбулдагы Медениет университетинин Академиялык ачылыш жылы программасында сөз сүйлөдү.
Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) азыркы түзүлүшү менен дүйнөдөгү эч бир көйгөй жана кагылышууларды чече албай турганын айтты.
Нуман Куртулмуш Стамбулдагы Медениет университетинин Академиялык ачылыш жылы программасында сөз сүйлөдү.
АКШнын БУУдагы ветосунун «Израилдин агрессиясына түрткү болгонуна» көңүл бурган Куртулмуш: «Өлүм жана кыйратуучу машинага айланган, аймак өлкөлөрүн согушка түртүүгө аракет кылган Израилди кантип токтотосуз? Дүйнөнүн 140 мамлекети "Бул өлтүргүч машинаны токтоткула!" деп жатат. Бирок алардын бири АКШ: "Жок! Сен менин адамыма тийе албайсың" дейт. Мындай система кантип адилеттүүлүктү орнотот?» деди.
Ислам өлкөлөрүнүн бул маселеге чечүүчү жол таба албаганын баса белгилеген Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы: «Тилекке каршы, Израилдин агрессиясынын негизги себеби Израилдин аскердик күчү да, АКШ жана Батыш өлкөлөрүнүн аймакка топтогон аскердик күчү да эмес. Алардын эң чоң күчү – регионалдык мамлекеттердин жана ислам өлкөлөрүнүн айласыздыгы, ыдырап кетиши жана эрксиздиги. Биз бул эрксиздикти жана алсыздыкты жоюшубуз керек»,-деп айтты.