Эрдоган TEKNOFEST-2024кө катышты
Президент Эрдоган Адана Шакир Паша аэропортунда өткөрүлгөн TEKNOFEST-2024 программасында сөз сүйлөдү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, дүйнөнүн эң чоң авиация, космос жана технология фестивалы TEKNOFESTти технологиялык төңкөрүш катары сыпаттады.
Президент Эрдоган Адана Шакир Паша аэропортунда өткөрүлгөн TEKNOFEST-2024 программасында сөз сүйлөдү.
Эрдоган: «Бүгүн бул жерде улуттук технологиябыздын көз жоосун алган өнүмдөрү гана эмес, Түркия кылымынын архитекторлору боло турган жаш жүрөктөр жана жарык акылдар да бар»,- деди.
Коргоо өнөр жайындагы ата мекендик жана улуттук өндүрүштүн үлүшүн 80 пайызга жеткиргендерин белгилеген Эрдоган, Түркиянын учкучсуз учуучу аппарат өндүрүшүндө дүйнөдөгү эң алдыңкы 3 өлкөнүн арасында экенин айтты.
Ата мекендик технологияда бир топ өнүгө тургандарына көңүл бурган Эрдоган: «ТБ2 учкучсуз учуучу аппарат менен, АКЫНЖЫ менен жетишилген ылдамдыкты согуштук учагыбыз KIZILELMA менен такыр башкача деңгээлге алып барабыз»,-деди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Германияда болгон кол салууну айыптады
Президент Эрдоган бул тууралуу социалдык эсебинен билдирүү жарыялады.