Эрдоган Анкарадагы сыйлык тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү
Эрдоган: «Компаниялардын саны боюнча Кытайдан кийин экинчи орундабыз, киреше боюнча алдыңкы 8 өлкөнүн бирибиз»
Президент Режеп Тайип Эрдоган Түркиянын подряд келишими тармагында 243 компания менен дүйнөдө экинчи орунда экенин айтты.
Борбор шаар Анкарада Чет элдик келишимдик кызматтардын жетишкендиктери сыйлыктарын тапшыруу аземинде сөз сүйлөгөн Эрдоган, түрк подряддык секторунун дүйнөдөгү ийгилигинин түрк экономикасынын жана адам ресурстарынын канчалык күчтүү экенин көрсөткөнүн билдирди.
Түркияны дүйнөдө 243 фирманын өкүлдүк кылганын белгилеген Эрдоган: «Компаниялардын саны боюнча Кытайдан кийин экинчи орундабыз, киреше боюнча алдыңкы 8 өлкөнүн бирибиз»,- деди.
Эрдоган курулуш компанияларынын чет өлкөлөрдөгү ийгилиги жалаң гана экономикага эмес, Түркиянын кадыр-баркына да салым кошконуна басым жасады.
Бүгүнкү күндө түрк продукциясы кирбеген дээрлик эч бир өлкө калбаганын, эл аралык инвестицияларда 270 миллиард доллар чегине жакындап калганын айткан президент, Түркиянын чет өлкөдөгү 261 өкүлчүлүгү менен дүйнөдөгү эң чоң 3-чү тармакка ээ экенин баса белгиледи.
Президент Эрдоган: «Дүйнөнүн эң чоң 5 экономикасынын 3ү жайгашкан Азия-Тынч океан жана Индия океаны аймагы менен кызматташтыкты бекемдөөдөн табигый нерсе жок. /.../ Биз бардык өлкөлөр менен кызматташтыгыбызды өнүктүрүүнү каалайбыз»,- деди.
Тектеш кабарлар
Сириянын жаңы башкаруусунун тышкы иштер министри Түркияга келет
Тышкы иштер министрлиги Шейбанинин Түркия сапарына байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.
KAAN долбоорунун экинчи прототип өндүрүшүнүн сүрөттөрү биринчи жолу бөлүшүлдү
Коргоо өнөр жайынын төрагалыгында 2024 иш-аракет жана 2025 максаттар боюнча жыйын өттү.