Жээнбек Кулубаев Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян менен жолугушту
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, Кулубаев Арменияга иш сапары менен барды.
![Жээнбек Кулубаев Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян менен жолугушту](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/865d/89ff/2e7f/679349b09a6b6.jpg?time=1738778205)
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян менен жолугушту.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, Кулубаев Арменияга иш сапары менен барды.
Кулубаев менен Мирзояндын жолугушуусунда Кыргызстан менен Армениянын ортосундагы мамилелер жана аларды мындан ары кеңейтүү талкууланды.
Тараптар үстүбүздөгү жылы Кыргызстанда өткөрүлүшү пландалган кыргыз-армян өкмөттөр аралык экономикалык комиссиянын жыйынынын алкагында кызматташууну активдештирүүгө өзгөчө көңүл бурушту.
Министрлер ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) жана башка эл аралык уюмдардын, анын ичинде интеграциялык бирикмелердин алкагында кызматташууну улантууга жана эки өлкөнүн эл аралык умтулууларын илгерилетүүдө өз ара колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Армениянын тышкы иштер министрликтеринин ортосунда 2025-2026-жылдар үчүн кызматташуу программасы жана Кыргызстандын тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академиясы менен Армениянын тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык мектебинин ортосундагы кызматташуу келишимине кол коюлду.