Кыргызстанда жарандын жүзүн көрүүгө тоскоол болгон бардык кийим түрлөрүнө тыюу салынды

Президенттиктин басма сөз борборунан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда президент Садыр Жапаров 2024 -  жылдын  26 -  декабрында парламентте кабыл алынган «Дин эркиндиги жана диний коомдор тууралуу» жобону камтыган мыйзамды бекитти.

2233365
Кыргызстанда  жарандын жүзүн көрүүгө тоскоол болгон бардык кийим түрлөрүнө тыюу салынды

Кыргызстанда мамлекеттик жана коомчулукка ачык жерлерде бир жарандын жүзүн көрүүгө тоскоол болгон бардык кийим түрлөрүнө тыюу салынды.

Президенттиктин басма сөз борборунан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда президент Садыр Жапаров 2024 -  жылдын  26 -  декабрында парламентте кабыл алынган «Дин эркиндиги жана диний коомдор тууралуу» жобону камтыган мыйзамды бекитти.

Мыйзамга ылайык, жумушка жана кызматтык иштерге байланыштуу же медициналык себептерден улам бетти жапкан кийимдерден башка, коомдук жайларда жүздүн көрүнүүсүнө тоскоол болгон бардык кийимдерди кийүүгө тыюу салынды.

Мыйзамда паранжага өзүнчө орун берилбесе да мыйзамга баш ийбегендер жазага тартылат.

Президент Садыр Жапаров Facebook эсебинен берген билдирүүсүндө «талаш  - тартыштуу мыйзамды бекиткендигин» белгиледи.

Жапаров : «Мыйзамда бир гана талаш  - тартыштуу маселе бар. Ал да үймө үй кыдырып үндөө»,- деди.

Өлкөдө диний жамааттардын санынын көбөйүшүнөн тынчсыздангандыгын айткан Жапаров коомдо реакция жараткан прозелитизм маселесинин толук чечиле электигин айтты.

Жапаров динге чакыруунун шарттарын Кыргызстан муфтияты жана Уламалар кеңешинин аныкташы керектигин белгиледи.

Акыркы мезгилде жаңылыш агымдарды колдогон радикал материалдардын жана китептердин  таратылып жаткандыгын белгилеген Жапаров : «Элибиз  33 агымга бөлүнгөн»,- деди.

Жапаров өлкөдө 33 диний кыймылдын бар экендигин, булардын бир бөлүгүнө соттун чечими менен тыюу салынгандыгын эскертип : «Айрым абийирсиз уюмдар диний агымдарга жамынып, жарандарыбызды тымызын түрдө туура эмес агымдарга тартууда. Бул  келечегибизге коркунуч келтирген   кооптуу абал",- деди.

 

 

 



Тектеш кабарлар