Эрсин Татар рум башкаруусунун лидери Никос Христодулидес менен жолугушту

Жолугушуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кипр боюнча атайын өкүлү жана БУУнун Кипрдеги тынчтык күчтөрүнүн (UNFICYP) миссиясынын башчысы Колин Стюарттын буфердик зонада жайгашкан резиденциясында өттү.

2232854
Эрсин Татар  рум башкаруусунун лидери Никос Христодулидес менен жолугушту

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар рум башкаруусунун лидери Никос Христодулидес менен жолугушту.

Жолугушуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кипр боюнча атайын өкүлү жана БУУнун Кипрдеги тынчтык күчтөрүнүн (UNFICYP) миссиясынын башчысы Колин Стюарттын буфердик зонада жайгашкан резиденциясында өттү.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти менен Рум башкаруусунун лидери Христодулидестин эки өлкөнүн ортосундагы чек ара дарбазалары баш болгон көптөгөн теманы сүйлөшкөндөрү билдирилди.

Жолугушуудан кийин Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Татар берген маалыматында Түштүк Кипр  рум лидери Христодулидес менен жолугушуусунда күн тартибине коюлган Хасполат дарбазасы менен бирге Акынжылардан да бир  чек ара капкасын ачууну сунуштаганын жана өлкөнүн жарандары үчүн транзиттик өтүүнү талап кылганын айтып,  рум тарабынын жарандары үчүн  Киражыкөй жана Эренкөй аркылуу, башкача айтканда, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын аймагынан өтүүнү талап кылгандыгын билдирди.

Кипр рум башкаруусунун Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жарандарынын арасында бөлүүчүлүк кылып,   кийин жарандык алган Түркия тектүүлөрдүн өлкөгө киришине уруксат бербегенин эске салган Татар  рум лидери Христодулидес менен жолугушуусунда бул маселени күн тартибине алып чыкканын айтты.

Татар Кипр рум башкаруусуна өтүү тууралуу Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жарандарынын арасында  бөлүүчүлүктүн кабыл алынгыс экендигин Христодулидеске билдиргенин баса белгилеп, Кипр рум башкаруусунун лидери менен 10 -  февралда кайрадан жолугуша тургандарын кошумчалады.

Христодулидес да жолугушуудан кийинки билдирүүсүндө  бүгүнкү жолугушууларында президент Татарга  Нью-Йоркто кечки тамакта сүйлөшкөн өткөөл пункттар жана башка пикирлерге байланыштуу сегиз беренелик сунуш пакетин тапшыргандыгын айтты.

Сөз болуп жаткан пакеттин бөлүк  бөлүк эмес эмес, бүтүндөй кабыл алынышы керектигин айткан Христодулидес мунун бардык кипрликтердин, кипрдик румдардын жана кипрдик түрктөрдүн пайдасына болоорун жактады.



Тектеш кабарлар