ТКТР АКШнын Түштүк Кир рум башкаруусуна курал сатуу чечимине каршылык көрсөттү

Түндүк Кипр Түрк Республикасы (ТКТР) Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Түштүк Кипр рум башкаруучулугуна  курал сатуу чечимине каршылык көрсөттү.

2231717
ТКТР  АКШнын Түштүк Кир рум башкаруусуна курал сатуу чечимине каршылык көрсөттү

Түндүк Кипр Түрк Республикасы (ТКТР) Америка Кошмо Штаттарынын  Түштүк Кипр рум башкаруучулугуна  курал сатуу чечимине каршылык көрсөттү.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, АКШнын президенттик чечим   менен рум башкаруучулугунун коргонуу кызматтарын алууга ылайыктуу өлкө деп жарыялаганы жана Вашингтондун 1987-жылдан бери рум тарабына курал сатууга киргизген чектөөсүн 2021 - жылдан тарта  толугу менен жойгону эске салынды. 

Билдирүүдө румдарга курал сатуу тууралуу президенттиктин чечимин чыгарган АКШнын «дүйнө тынчтыгына салым кошуу» деп көрсөтүүсү  дипломатиялык тил менен айтканда «трагикомик» экени баса белгиленип :  «Рум тарабынан согуш чыгаруу аракетин колдогон өлкөлөрдү дагы бир жолу бул аракеттеринин жыйынтыгына кароо менен кыймыл кылууга жана сезимталдуу болууга чакырабыз. Арал жана аймактагы тең салмактуулуктун терс багытта таасирлениши эч кимге кызмат кылбайт",- деп айтылды. 
Рум  тарабынын коопсуздук коркунучун актоосунун ынандыраруучулуктан алыс экендиги белгиленген билдирүүдө: «АКШнын президенттиги тарабынан кабыл алынган бул чечимден кийин, Түштүк Кипр рум башкаруучулугунун куралдануу жарышын согуш  даярдыгына кире тургандай улантары ачык айкын",- деп эскертилди.  

АКШ президентинин жарлыгы

14-январда АКШнын президенти Жо Байден 1961-жылдагы Тышкы жардам жөнүндө мыйзамга ылайык Түндүк Кипр рум башкаруусунун  АКШдан “коргонуу материалдарын жана кызматтарын” алуусуна  уруксат берген жарлык чыгарды.

Ак үйдүн билдирүүсүндө "Түндүк Кипр рум башкаруусуна коргонуу материалдары жана кызматтарын (Кипрдин грек администрациясына) берүү АКШнын коопсуздугун бекемдейт  жана дүйнөнүн тынчтыгын колдойт",- деп айтылды.



Тектеш кабарлар