Казактар АЭС курууга «макул» деген добуш беришти
Өлкөнүн телеканалдарынын түз эфиринде бөлүшүлгөн экзит-поллдорго караганда, «Социс-А» комплекстүү социалдык изилдөө институту тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоолордо референдумга катышуу 67,3 пайыз болду.
Казакстанда биринчи атомдук электр станциясы курулабы деген суроого шайлоочулар «ооба» деп жооп беришти.
Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы референдумдун алдын ала жыйынтыгын жарыялады.
Республика боюнча референдум үчүн курулган жалпы 10 миң 323 үкөктө добуштарды саноо аяктады, добуштардын саны 63,66 пайызды түздү.
Референдумда 71,12 пайызга туура келген 5 миллион 561 миң 937 адам өлкөдө атомдук электр станциясынын курулушун колдосо, референдумда 2 миллион 45 миң 271 адам каршы болду.
Болжол менен 213 миң добуш жараксыз деп табылды.
Өлкөнүн телеканалдарынын түз эфиринде бөлүшүлгөн экзит-поллдорго караганда, «Социс-А» комплекстүү социалдык изилдөө институту тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоолордо референдумга катышуу 67,3 пайыз болду.
Шайлоочулардын 69,8 пайызы «макул» деп добуш берип, өлкөдө атомдук станциянын курулушун колдосо, 30,2 пайызы «каршы» деп жооп беришти.
Бийликтеги «Аманат» партиясынын коомдук саясат институтунун 300 үкөктө 44 миң 160 шайлоочу менен жүргүзгөн экзит-поллуна караганда, катышуучулардын 72,3 пайызы «макул», 27,7 пайызы «каршы» деп добуш берген.
Евразиялык интеграция институту да 30 миң шайлоочунун катышуусунда экзит-полл уюштурган. Буга ылайык, шайлоочулардын 71,8 пайызы өлкөдө атомдук электр станциясынын курулушун колдосо, 28,2 пайызы каршы болгон.
Казакстан эли кечээ эртең менен өлкөдө биринчи атомдук электр станциясы куруу боюнча чечим чыгарган суроого добуш берүүгө барды.
Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала жыйынтыгы боюнча 12 миллион 244 миң 683 шайлоочунун 7 миллион 820 миң 918и (63,87 пайыз) добуш берүүгө катышты.
Шайлоочулар: «Сиз Казакстанда атомдук электр станциясын курууга макулсузбу?» деген суроого «ооба» же «жок» деп жооп берди.
Референдумдун акыркы жыйынтыгын Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 7 күндүн ичинде жарыялайт.
Тектеш кабарлар
ТМУнун ЖМК жана маалымат боюнча жыйналышы Ташкентте өттү
Жыйынга Азербайжан, Кыргызстан, Казакстан жана Түркиянын медиа башкаруучулары катышты.