Азербайжанда массалык көрүстөн табылды
Азербайжан президентинин кеңешчиси Хикмет Хажиев, армян баскынчылыгынан бошотулган Сырхавенд айылында жаңы массалык көрүстөндөрдүн табылганын билдирди.
Армян оккупациясынан бошотулган Азербайжандын Сырхавенд айылында массалык көрүстөндөр табылды.
Азербайжан президентинин кеңешчиси Хикмет Хажиев, армян баскынчылыгынан бошотулган Сырхавенд айылында жаңы массалык көрүстөндөрдүн табылганын билдирди.
Хажыев Армениянын Азербайжанга каршы 30 жылдык басып алуусунун эң оор кесепеттеринин биринин да дайынсыз жоголгон азербайжандыктар экенин белгилеп: «Армян оккупациясы учурунда 4 миңден ашуун азербайжандык Армения тарабынан кыйноого алынып өлтүрүлүп, массалык көрүстөндөргө көмүлгөн. Армения бүгүнкү күнгө чейин бул кылмыштарга жооптуу бир дагы кишини жазалаган эмес, тескерисинче бул кишилерге сыйлык берген. Алар массалык көрүстөндөрдүн жайгашкан жерлерине байланыштуу бардык маалыматтарды жашырып жатышат. Армения бардык бул кылмыштар үчүн жоопкерчиликти мойнуна алып тынчтыкка берилгендигин көрсөтүшү керек жана согуш кылмышкерлерин адилеттүү түрдө жазалоого тийиш»,- деди.
Тектеш кабарлар
ТМУнун ЖМК жана маалымат боюнча жыйналышы Ташкентте өттү
Жыйынга Азербайжан, Кыргызстан, Казакстан жана Түркиянын медиа башкаруучулары катышты.