Азербайжанда миналарды жана ок-дарыларды тазалоо
Азербайжан армян оккупациясынан бошоткон Карабак аймагы жана ага жакын облустарда мина тазалоо иштери уланууда.
Азербайжан оккупациядан бошотулган аймактарга армян армиясы койгон 158 миңден ашык минаны жана жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандырды.
Азербайжан армян оккупациясынан бошоткон Карабак аймагы жана ага жакын облустарда мина тазалоо иштери уланууда.
Басып алуудан бошотулган аймактарда Армян армиясы көмгөн жүз миңдеген миналардын бар экени айтылууда.
Миналарды тазалоо иш-чаралары Азербайжандын Миналардан тазалоо агенттиги (ANAMA) жана Азербайжандын Куралдуу күчтөрүнө караштуу инженердик бөлүктөрү тарабынан жүргүзүлүүдө. Бул иштерге Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Чек ара кызматтарынын командирлиги жана айрым жеке компаниялар салым кошууда.
2-Карабах согушу аяктаган 2020-жылдын 10-ноябрынан бери 162 миң гектар жер сканирленген жана миналардан тазаланган. Сканерленген аймактарда 104 миңден ашык жарылбаган снаряддар, 33 миңден ашык жөө аскерлерге каршы миналар жана 20 миңден ашык танкка каршы миналар табылган. Жалпысынан 158 миңден ашык мина жана жарылбай калган снаряддар зыянсыздандырылды.
Согуш аяктагандан бери Армениянын оккупация мезгилиндеги миналардын жарылуусунан 70 Азербайжан жараны каза болуп, 309 киши жараланды.
Түрк куралдуу күчтөрүнүн (TSK) атайын мина издөө жана тазалоо (ÖMAT) топтору да бир мезгилге чейин аймакта кызмат кылып, миналарды тазалоодо Азербайжанга колдоо көрсөтүштү.
Талаада Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министрлигине караштуу Аскердик Фабрика жана кеме куруу ишканасы (ASFAT) тарабынан чыгарылган жана Азербайжанга жеткирилген 20 мина тазалоочу унаа (MEMATT) да колдонулат.
Азербайжандын президенти Илхам Алиев аймактагы миналарды тазалоого болжол менен 30 жыл жана 25 миллиард доллар керектелерин жарыялады.
Тектеш кабарлар
ТМУнун ЖМК жана маалымат боюнча жыйналышы Ташкентте өттү
Жыйынга Азербайжан, Кыргызстан, Казакстан жана Түркиянын медиа башкаруучулары катышты.