Түрк Мамлекеттери Уюмунун энергетика министрлеринин 4 - жыйыны Бишкекте болду
Кыргызстандын энергетика министрлигинин билдирүүсүнө караганда, министр Таалайбек Ибраевдин жетекчилигинде өткөрүлгөн жыйынга Түркия тараптан энергетика жана жаратылыш ресурстары министринин орун басары Ахмет Берат Чонкар катышты.
Түрк Мамлекеттер Уюмунун энергетика министрлер кеңешинин 4 - жыйыны Кыргызстандын борбору Бишкекте өттү.
Кыргызстандын энергетика министрлигинин билдирүүсүнө караганда, министр Таалайбек Ибраевдин жетекчилигинде өткөрүлгөн жыйынга Түркия тараптан энергетика жана жаратылыш ресурстары министринин орун басары Ахмет Берат Чонкар катышты.
Жыйынга Азербайжандын энергетика министри Парвиз Шахбазов, Казакстандын энергетика жана жаратылыш ресурстары министринин биринчи орун басары Сунгат Эсимханов, Өзбекстандын энергетика министринин орун басары Бахтияр Маматкаримов, Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин кеңешчиси Петр Старай, Tүрк Мамлекеттер Уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен Түркия, Венгрия, Азербайжан жана Казакстандын элчилери жана байкоочу мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү катышты.
Жыйында Түрк Мамлекеттер Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн энергетика тармагындагы кызматташуусун бекемдөө, технологиялар жана жашыл демилгелер боюнча аймактык борбор түзүү, энергетиктердин арасында жыл сайын кесиптик чеберчилик боюнча сынактарды уюштуруу, энергетика министрлеринин кезектеги жыйыны өткөрүлө турган жерди аныктоо сыяктуу маселелер талкууланды жана энергетика тармагындагы түрдүү маселелер жана сунуштар каралды.
Кыргызстандын энергетика министри Ибраев сүйлөгөн сөзүндө жыйындын түрк дүйнөсү өлкөлөрүнүн арасында энергетика тармагында кызматташуунун күчтөндүрүлүшү тууралуу ташталган дагы бир кадамдын болгондугун белгилеп, энергетика секторунун биргелеш өнүгүшүнө кошкон салымдары жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Ибраев түрк мамлекеттеринин энергетика министрликтерине энергетика багыттарын диверсификациялоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну жана келечектүү энергетика долбоорлорун ишке ашырууга активдүү катышууну сунуштады.
Катышуучулар да аймактык бир технология жана жашыл демилгелер борбору тууралуу сүйлөшүүгө даяр экендерин билдиришти.
Тараптар өлкөлөр арасында электр энергиясы менен камсыздоо жана алмашуу жаатында кызматташууну улантууга даяр экендиктерин белгилешти.
Жыйын жыйынтыктоочу декларацияга кол коюу менен аяктады.