Шольцтун Астанадагы билдирүүсү
Германия менен Казакстандын ортосунда абдан кеңири өнөктөштүк бар экенин баса белгиледи.
Германиянын канцлери Олаф Шольц Орусия менен Украинанын ортосундагы тынчтыктын камсыздалышына салым кошо ала тургандарын айтты.
Казакстанга барган Шольц борбор шаар Астанадагы билдирүүсүндө, Германия менен Казакстандын ортосунда абдан кеңири өнөктөштүк бар экенин баса белгиледи.
Шольц: «Борбор Азиянын маанилүүлүгү артып баратат. Европанын борборундагы чоң өлкө Германиянын экономикалык жана башка темаларда Борбор Азия өлкөлөрүнүн өнөктөшү болушу абдан маанилүү»,- деди.
Казакстанда абдан маанилүү жолугушууларды өткөргөнүн айткан Шольц бул сүйлөшүүлөрдүн Казакстандын келечеги үчүн да, Германиянын экономикалык өнүгүүсү үчүн да чоң мааниге ээ экенин билдирди.
Канцлер Шольц Орусия менен Украинанын ортосундагы тынчтыкты камсыз кылуу жолдорун изилдөө зарылдыгына басым жасап, согушту токтотууга салым кошо ала тургандарын белгиледи.
Орусия катыша турган ар кандай конференцияларды уюштуруу боюнча пикирин билдирген Шольц: «Согушту баштаган гана эмес, улантып жаткан да Орусия. Орусия агрессиясын токтотуу менен согушту токтотууга салым кошо алат»,-деди.