Азербайжан Орусияга нааразылык нотасын жөнөттү

Азербайжан тарап Орусиянын Тышкы иштер министрлигинен кырдаалды карап чыгууну жана жарандарынын укуктарын коргоо боюнча чараларды көрүүнү талап кылууда.

2188181
Азербайжан Орусияга нааразылык нотасын жөнөттү

Азербайжан үч жаранынын Чеченстанда камакка алынышына байланыштуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нааразылык нотасын жөнөттү.

APA агенттигинин дипломатиялык булактарга таянып берген кабарына караганда, камакка алынгандардын аты-жөнү Нихад Рзаев, Элхан Ширинов жана Вугар Магеррамов.

Нотанын текстинде, камакка алынгандардын Украинадагы согушка күч менен жөнөтүлүшү ыктымалдыгына байланыштуу тынчсыздануу айтылды. Азербайжан тарап Орусиянын Тышкы иштер министрлигинен кырдаалды карап чыгууну жана жарандарынын укуктарын коргоо боюнча чараларды көрүүнү талап кылууда.

Басма сөзгө караганда, Орусия Украинадагы согуш башталгандан бери (2022-жылдын февраль айынан бери) мигранттарды активдүү түрдө кагылышууларга тартууда. Алардын арасында бир гана борбор азиялыктар эмес, Индия, Куба, Шри-Ланка сыяктуу өлкөлөрдүн жарандары да бар.

Мигранттарга аскерге баруу келишимине кол койгон учурунда тез арада жарандык берүү убадасы кылынса, буга чейин орус паспортун алгандар жарандыгын тартып алуу коркунучу менен мобилизацияланууда.

Орусиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастиркин июнь айынын аягында, орус жарандыгын алган 10 миң мигранттын согушка жөнөтүлгөнүн жарыялаган.



Тектеш кабарлар