Баку шаарынын боштондукка чыгышынын 106 жылдыгы
Салтанатка Түркиянын Бакудагы элчиси Жахит Багжы, аскердик атташе генерал Гаффар Гөрен, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Бакудагы өкүлү Уфук Турганер, элчиликтин кеңешчилери, түрк мекеме жана уюмдарынын өкүлдөрү, азербайжандар катышты.
Азербайжандын борбор шаары Бакунун Кавказ Ислам Армиясы тарабынан армян жана большевик бандаларынан бошотулушунун 106 жылдыгынан улам Бакудагы Түрк шейиттери көрүстөнүндө азем өткөрүлдү.
Салтанатка Түркиянын Бакудагы элчиси Жахит Багжы, аскердик атташе генерал Гаффар Гөрен, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Бакудагы өкүлү Уфук Турганер, элчиликтин кеңешчилери, түрк мекеме жана уюмдарынын өкүлдөрү, азербайжандык ардагерлер жана жарандар катышты.
Мамлекеттик гимн менен Азербайжандын гимни ырдалган аземде элчи Багжы шейиттик эстелигине гүлчамбар койду.
Багжы шейиттик китебине кол коюп, айрым шейиттердин мүрзөлөрүнө гвоздикаларды калтырды.
Багжы жана коштоосундагылар 20-январь шейиттери коюлган Шейиттер аллеясын да зыярат кылышты.
Азербайжан 1918-жылы 28-майда эгемендигин жарыялагандан кийин 1918-жылы 4-июнда Батумиде Осмон империясы менен келишим түзгөн. Келишимге ылайык Азербайжан армян жана большевик бандаларынын басып алуусуна каршы Осмон өкмөтүнөн жардам сураган.
Ошол кездеги согуш министри Энвер пашанын 28 жаштагы бир тууганы Нури Пашанын (Киллигил) аракети менен түзүлгөн Кавказ Ислам армиясына Баку жана Азербайжандын башка облустарын армян жана большевик бандаларынан бошотуу милдети жүктөлгөн.
Кавказ ислам армиясы 1918-жылдын 15-сентябрында 30 саатка созулган айыгышкан салгылашуулардан кийин Бакуну бошоткон. Баку эли шыктануу менен тосуп алган Осмон аскерлери шаарда парад өткөрүштү.
Кавказ ислам армиясы Баку шаарын бошотуу үчүн болгон күрөштө 1130 аскеринен ажыраган.