Түрк басма сөзү 5.12.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2217126
Түрк басма сөзү 5.12.2024

Түрк басма сөзү 5.12.2024

«Ватан» гезити «ПКК/КЖКга таандык 709 үңкүр жана баш калкалоочу жай жок кылынды» аттуу маалыматында ички иштер министри Али Йерликаянын ПКК/КЖК террордук уюмунун элет жерлердеги кышкы түзүлүшүнө каршы быйылкы жылы жүргүзүлгөн «Гүрз» операцияларында 709 үңкүр, баш калкалоочу жай жана кампа талкаланып, көп сандаган жардыруучу зат, курал жана ок-дарылар колго түшүрүлгөнүн жарыялаганын жазган.

«Йени Шафак» гезити «Халепке кайткан сириялык: Түркияга чоң рахмат, 7 жылдан бери бизди жакшы кабыл алдыңыз» деген макаласында Хатайда жашаган жана Сириядагы Халептин оппозициячылдардын көзөмөлүнө алынгандан кийин үй-бүлөсү менен кичи мекенине кайта турган Ая Абдусселам Түркияга ыраазычылык билдиргенин баяндаган. Ая Абдусселам: «Түркияда жүргөнүмө 7 жыл болду. Мен Хатайда жашачумун. Халеп бошотулду. Биз кичи мекенибизге баратабыз. Бүтүндөй Түркияга чоң рахмат. 7 жылдан бери бизди жакшы тосуп алдыңар»,дегенин берген.

«Стар» гезити «Дүйнө гиганты Түркияны тандады» аттуу маалыматында Швейцарияда жайгашкан дары-дармек фирмасы Sandoz, Түркиядагы жаңы инвестициясы үчүн 80 миллион долларлык капитал салаарын жарыялаганын маалымдаган.

«Сабах» гезити «Togg базардагы лидерлигин бекемдейт» аттуу кабарында Түркиянын электр унаасы Togg атаандаштары Тесла менен BMWди артка калтырганын жазган. Жылдын 11 айында 24 миң 361 даана сатуу менен Togg эң жакын атаандашынан 15 миң 134 даана сатуу менен озуп чыкты. Бул мезгилде Тоггдун электр унаа базарындагы үлүшү 29 пайызды түздү.

«Хабертүрк» гезтти «Түркия TIMSS 2023 илим тармагында Европада биринчиликти алды» деген кабарында Эл аралык математика жана илим тенденциялары изилдөөсүнүн (TIMSS) 2023 жыйынтыгына караганда Түркия 4-класстын илим тармагында OECD өлкөлөрүнүн арасында 2-орун жана бул тармактагы орточо баллы менен бардык Европа өлкөлөрүнүн арасында биринчи болгонун маалымдаган.



Тектеш кабарлар