Түрк басма сөзү 9.10.2024
Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.
«Сабах» гезити «Куртулмуш: Израилдин кеңейиши улуттук коопсуздук маселеси» аттуу кабарында Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын кечээ Израилдин агрессиясына байланыштуу жабык сессияда чогулганын жазган. Парламенттин төрагасы Нуман Куртулмуш сессиянын ачылыш сөзүндө Израилдин Газаны басып алуу пландарын бир жыл мурункуга таандык деп ойлоонун өтө туура эмес экенин айтып: «Бул сценарийдин биринчи аракети 1917-жылы Осмон дөөлөтү Палестина жерлеринен чыгып кетүүгө аргасыз болгон ошол жерде жарыяланган Британ мандаты менен күчүнө кирген. Израилдин кеңейиши улуттук коопсуздук маселеси болуп саналат»,- деди.
«Стар» гезити «Улуттук чалгындоо уюму ПККнын жанкечтилик кол салуу планын бузду» аттуу маалыматында Улуттук чалгындоо уюму Сириянын Амуде аймагында Түркияда жанкечтилик жардырууну пландап жатканы аныкталган террордук уюм ПКК/ЙПГнын жооптууларынан Хезал Белгени таасирсиз кылганын жазган.
«Ватан» гезити «Министр Кажыр: Коргоо өнөр жайында ата мекендик көрсөткүчүбүз 20 пайыздан 80 пайызга жогорулады» аттуу кабарында өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажырдын, коргоо өнөр жайындагы ата мекендик көрсөткүчүнүн 20 пайыздан 80 пайызга жогорулаганын белгилеп: «Улуттук технология кадамында Түркия коргоо өнөр жайында эң чоң ийгиликтерге жетишти. Коргоо өнөр жайындагы ата мекендик жана улуттук өндүрүш Түркия үчүн баш тартылгыс максат эле» дегенин билдирген.
«Хабертүрк» гезити «Хасанкейфте 1600 жылдык аскердик имараттын калдыктары табылды» аттуу маалыматында Батмандын Хасанкейф районунда жүргүзүлгөн археологиялык казууларда Рим дооруна таандык 1600 жылдык аскердик имараттын урандылары табылганын жазган.
«Хүррийет» гезити «Түркоглу кайра шайланды» аттуу кабарында Хидайет Түркоглунун 165 добуштун 133үн алып Түркия баскетбол федерациясынын төрагасы болуп шайланганын билдирген.