Түрк басма сөзү 04.10.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2194697
Түрк басма сөзү 04.10.2024

«Хабер түрк» гезити «Түркия Ливан жана Палестин эли менен бирге» аттуу кабарында Улуттук коопсуздук кеңешинин президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде чогулганын жазган. Жыйындан кийинки билдирүүдө, Израилдин Ливан жана Палестинага кол салууларына көңүл бурулуп, эл аралык актерлорго чакырык салынды.

«Хүррийет» гезити «Түркия Сирияда террор коридоруна уруксат бербейт» аттуу маалыматында Улуттук коопсуздук кеңешинин билдирүүсүндө, Сирия аймагына уялаган террордук уюмдарды таасирсиз кылууга багытталган иш-аракеттердин үзгүлтүксүз улана турганы, Түркиянын улуттук коопсуздугуна зыян келтире турган ар кандай план же аракеттерге жол берилбей турганы баса белгиленгенин жазган. 

«Стар» гезити «Өмер Челиктен аймактык согуш эскертүүсү» аттуу кабарында Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) төрагасынын орун басары жана партиянын басма сөз катчысы Өмер Челик Израилдин Ливанга кол салууларына байланыштуу: «Эгер геноцид саясаты токтотулбаса, аймактык согуш чыгышы мүмкүн»,-дегенин билдирген.

«Йени шафак» гезити «Кипр аралы үчүн дата аныкталды» аттуу маалыматында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик Кипр аралындагы тараптардын 15-октябрда жолугуша тургандарын билдиргенин жазган. БУУнун баш катчысы Гутерриш Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар менен Түштүк Кипрдин Рум башкаруусунун лидери Никос Христодулидисти расмий эмес кеңешмелерге чакырган.

«Сабах» гезити «THY дүйнө гиганты болуу жолунда» аттуу кабарында Түрк аба жолдорунун (THY) Башкаруу кеңеши жана Аткаруу комитетинин төрагасы Ахмет Болат 10 жылда 810 учак менен дүйнөнүн 4-чоң аба жолу фирмасы болууну максат кылгандарын айтканын жазган.



Тектеш кабарлар