Чемпиондор лигасынын экинчи жумасы 9 беттеш менен башталды...
Интердин биринчи голун улуттук футболчу Хакан Чалханоглу 11-мүнөттө киргизди.
УЕФА Чемпиондор лигасынын экинчи жумасы 9 беттеш менен башталды...
«Интер» өз талаасында «Црвена Звезданы» 4:0 эсебинде утуп алды.
Интердин биринчи голун улуттук футболчу Хакан Чалханоглу 11-мүнөттө киргизди.
Түнкү маанилүү беттеште Арсенал 20-мүнөттө Кай Хаверц жана 35-мүнөттө Букайо Саканын голдору менен атаандаш талаасында Пари Сен-Жерменди 2-0 эсебинде жеңди.
Нури Шахин машыктыруучу болгон Дортмунддун Боруссиясы Селтикти 7-1 эсебинде жеңди.
Бир тараптан Селтиктин күйөрмандары трибунага Палестина жана Ливан желектерин ачып Израилдин кол салууларына каршы чыгышты.
Алынган натыйжалар:
Зальцбург (Австрия)-Брест (Франция): 0-4
Штутгарт (Германия) – Спарта Прага (Чехия): 1-1
"Интер" (Италия) - "Црвена Звезда" (Сербия): 4-0
Боруссия Дортмунд (Германия) - Селтик (Шотландия): 7-1
Барселона (Испания) - Янг Бойз (Швейцария): 5-0
Байер Леверкузен (Германия) - Милан (Италия): 1-0
Арсенал (Англия) - ПСЖ (Франция): 2-0
ПСВ (Нидерланды) – «Спортинг» (Португалия): 1-1
Слован Братислава (Словакия) - Манчестер Сити (Англия): 0-4