Сирия делегациясынын Анкарага сапары жана жакынкы келечекте Сирия

ТҮРК ТЫШКЫ САЯСАТЫНЫН НЕГИЗДЕРИ-4

2232871
Сирия делегациясынын Анкарага сапары жана жакынкы келечекте Сирия

“ТҮРК ТЫШКЫ САЯСАТЫНЫН НЕГИЗДЕРИ” программабыздын жаңы чыгарылышы менен кайрадан биргебиз. Программабыздын бүгүнкү бөлүмүндө “Сирия делегациясынын Анкарага сапары жана жакынкы келечекте Сирия” темасына токтолобуз.

Эл аралык байланыштар боюнча адис др. Жемил Догач Ипектин темага сереп салуусун баяндап беребиз.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сириядагы жаңы башкаруунун тышкы иштер министри Асад Хасан Шейбанини Президенттик комплексте кабыл алды. Кабыл алууда тышкы иштер министри Хакан Фидан да болду. Андан соң Хакан Фидан Сириядагы жаңы башкаруунун тышкы иштер министри Асад Хасан Шейбани менен жолугушту. Тышкы иштер министрлигинде өткөрүлгөн жыйынга эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери менен бирге улуттук коргоо министри Яшар Гүлер, Улуттук чалгындоо уюмунун төрагасы Ибрахим Калын, Сириядагы жаңы башкаруунун коргоо министри Мурхеф Эбу Касра жана Сириядагы жаңы башкаруунун чалгындоо бөлүмүнүн башчысы Энес Хаттаб да катышты.

Алдыдагы мезгилде Сириянын Жаңы башкаруусунун таанылышы жана эл аралык укукка байланыштуу кээ бир жагдайлар, Сириядан олуттуу аракетти талап кыла тургандай көрүнүүдө. Сирияда 2024-жылдын аягында болгон окуялар өлкөнүн эл аралык укуктун алкагында кантип тааныла турганы тууралуу маанилүү суроолорду жаратты. Бүгүн программабызда Сириядагы жаңы башкаруунун эл аралык укук жагынан кандайча баалана турганын, эл аралык коомчулуктун бул абалга карата кандай мамиле түзө аларын жана өкмөттөрдү таануунун негизги критерийлерин айтып беребиз.

Эл аралык укукта мамлекеттерди таанууга байланыштуу белгилүү эрежелер болсо дагы өкмөттөрдү таануу темасы бүдөмүк бойдон калууда. Бир мамлекеттин өкмөтүн таануу үчүн жалпысынан төмөнкү критерийлер каралат:

-Эффективдүү көзөмөл: Жаңы башкаруу өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүн эффективдүү көзөмөлдөйбү.

-Элдин макулдугу: Жаңы өкмөт элдин колдоосуна ээби.

-Легитимдүүлүк: Жаңы өкмөт эл аралык мыйзамдарга ылайык бийликке келдиби же болбосо төңкөрүш же козголоң аркылуубу.

-Эл аралык милдеттенмелер: Жаңы өкмөт эл аралык келишимдерге баш ийеби.

Бул критерийлерге ылайык, Дамаскты боштондукка чыгаруу кыймылы (HTS) жетектеген жаңы Сирия башкаруусу эл аралык таануу жагынан кээ бир тоскоолдуктарга туш болушу мүмкүн. Мисалы, Дамаскты боштондукка чыгаруу кыймылына караштуу кээ бир адамдардын мурунку террордук аракеттери жана адам укуктарын бузуулары көйгөй жаратышы мүмкүн. АКШ, Евробиримдик жана Бириккен Улуттар Уюму өңдүү актерлор Сириядагы жаңы өкмөт адам укуктарын сыйласа аны тааный турганын кыйытты. Бул албетте Сирия үчүн оң жылыш болмок. Бир тараптан АКШнын жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн Дамаскты боштондукка чыгаруу кыймылынын лидерлери менен жолугушуулары жана Евробиримдиктин санкцияларды жеңилдетүү белгилери, эл аралык коомчулуктун жаңы башкаруу менен диалог түзүүгө ыктагандыгын көрсөтүүдө. Бирок эл аралык укук жагынан жаңы өкмөттү таануу саясий-дипломатиялык гана эмес, этикалык-укуктук жагын да камтыган маселе.

Эл аралык укукта өкмөттү таануу темасы көбүнчө айрым мамлекеттердин чечимдеринен көз каранды. Ошондуктан, ар кайсы өлкөлөр бир эле мамлекет үчүн ар кандай башкарууларды тааный алышат. Мисалы, Мьянмада бир өкмөт Бириккен Улуттар Уюмунда, ал эми Эл аралык Сотто башка өкмөт өкүл болушу мүмкүн.

Сириядагы жаңы бийликтин таанылышы согуш кылмыштары жана адам укуктарынын бузулушу үчүн адилеттүүлүккө жетише алабы деген суроону да жаратууда. Калыбына келтирүүчү адилеттүүлүк мамилеси бул жагынан маанилүү. Бул ыкма мурда жасалган кылмыштарга каршы турууга жана жабырлануучулардын укуктарын коргоого багытталган. Түштүк Африкадагы Акыйкаттык жана Элдешүү Комиссиясы сыяктуу мисалдар, кагылышуудан кийинки процесстерди кантип башкаруу керектиги боюнча кеңештерди берет.

Түркия Республикасы, Сирия элинин келечегин камсыздай турган башкаруунун түзүлүүсүн кубаттайт. Түркиянын бул аракеттерине эл аралык коомчулук да колдоо көрсөтүшү керек. Бул жагдайда жаңы өкмөт адам укуктары боюнча стандарттарга ылайык иш алып барып, эл аралык милдеттенмелерин аткарышы керек. Болбосо, Сириянын келечеги бүдөмүк бойдон кала берет.

Жыйынтыктап айтканда, Сирияда жаңы башкаруунун пайда болушу эл аралык коомчулук үчүн бир эле учурда мүмкүнчүлүк жана бир сыноо. Адилетсиз жана жоопкерчиликсиз таануу процесси Сириядагы жаңжалды тереңдетип, аймактык туруксуздукту күчөтүшү мүмкүн. Эл аралык коомчулук мыйзам үстөмдүгүнө ылайык иш алып баруусу жана Сирия элинин эркин урматтоосу керек.

Эл аралык мамилелер боюнча адис др. Жемил Догач Ипектин сереп салуусун окудуңуздар. 



Тектеш кабарлар