Түркия - Түндүк Кипр Түрк Республикасы мамилелери
ТҮРК ТЫШКЫ САЯСАТЫНЫН НЕГИЗДЕРИ-3
“ТҮРК ТЫШКЫ САЯСАТЫНЫН НЕГИЗДЕРИ” программасынын жаңы чыгарылышы менен кайрадан биргебиз. Программабыздын бүгүнкү бөлүмүндө «Хакан Фидандын Түндүк Кипр Түрк Республикасына сапары жана Түркия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын карым – катнаштарына» токтолобуз.
Эл аралык байланыштар боюнча адис др. Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу сереп салуусун баяндап беребиз.
Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Хакан Фидан Түндүк Кипр Түрк Республикасында эки күндүк жолугушууларды өткөрдү. Хакан Фидан Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар, парламент төрагасы Зия Өзтүрклер, премьер-министр Үнал Үстел жана тышкы иштер министри Тахсин Эртугрулоглу менен жолугушту. Премьер-министрликтеги жолугушууга вице-премьер-министр, туризм, маданият, жаштар жана экология министри Фикри Атаоглу менен коомдук иштер жана транспорт министри Эрхан Арыклы да катышты. Хакан Фидан ошондой эле Республикалык Түрк партиясынын (РТП) төрагасы Туфан Эрхүрман жана Элдик партиянын (ХП) төрагасы Кудрет Өзерсай менен да жолугушту.
Түркия Республикасынын тышкы иштер министри Хакан Фидан президент Эрсин Татар менен бирге өткөргөн маалымат жыйынында, кипрдик түрктөр дуушар болгон изоляциясынын адамзатка каршы үнсүз кылмышка айланганына көңүл буруп, эл аралык коомчулуктун Кипрдин эки мамлекеттүү статусун мыйзамдуу негизде орнотуусу керектигин баса белгиледи.
Түркия Республикасы менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) ортосундагы карым-катнаштар тарыхый, маданий жана стратегиялык байланыштар менен калыптанган, терең кызматташтык жана тилектештиктин негизинде өнүккөн. Бул мамилелер Кипр аралынын тарыхый процесстерине жана эки өлкөнүн жалпы таламдарына ылайык тынымсыз бекемделип келет.
Кипр аралы 1571-жылы Түрк империясынын карамагына өтүп, үч кылымга жакын Осмон империясынын көзөмөлүндө болгон. 1878-жылы арал Британ империясынын карамагына өтүп, 1960-жылы Кипр Республикасы катары эгемендүүлүккө ээ болгон. Бирок, 1963-жылы Рум тараптын Кипр түрк коомчулугуна каршы баштаган кол салуулары жана конституциялык түзүлүштү бузуу аракеттеринин натыйжасында кипрдик түрктөр мамлекеттик мекемелерден четтетилип, олуттуу коопсуздук коркунучтарына кабылышкан. Бул абал, 1974-жылы Грециядагы аскердик хунта тарабынан колдоого алынган төңкөрүш жана Enosis (аралды Грецияга кошуу) аракети менен ого бетер коркунучтуу болуп калган. Түркия 1960-жылкы Кепилдик келишиминен келип чыккан укук жана милдеттеринин алкагында Кипр түрк калкынын коопсуздугун камсыз кылуу жана аралда конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү максатында 1974-жылдын 20-июлунда Тынчтык Операциясын ишке ашырган. Бул операция, кипрдик түрктөрдүн аралда аман калуусун жана укуктарын камсыз кылды.
1983-жылдын 15-ноябрында Кипр түрк эли өз тагдырын өзү аныктоо укугунан пайдаланып, Түндүк Кипр Түрк Республикасын жарыялаган. Түркия ошол эле күнү Түндүк Кипр Түрк Республикасын тааныганын жарыялап, элчиликтер эки тараптуу түрдө ачылган. Бул процесс эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин расмий негиздерин түптөгөн.
Түркия менен ТКТР эл аралык платформаларда бири-биринин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоп, Кипр маселесинин адилеттүү чечилиши үчүн кызматташып келет. Айрыкча Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) карамагында жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдө Түркия, Кипр Түрк тарабынын бирдей статус жана эгемен укуктарынын таанылышы керектигин баса белгилөөдө. 2008-жылы башталган жана ар кайсы мезгилде үзгүлтүккө учураган сүйлөшүү процесстеринде Түркия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасы аралда туруктуу тынчтыкты орнотуу аракетин көрүүдө. Бирок Рум тараптын келишпес мамилесинен улам сүйлөшүүлөрдө кааланган жылыш боло алган жок. Түркия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын ортосундагы экономикалык карым-катнаштар ар түрдүү келишимдер жана кызматташтык протоколдору менен колдоого алынган. 1983-жылы эки өлкөнүн ортосунда кол коюлган соода-экономикалык кызматташтык жөнүндөгү келишим экономикалык мамилелердин негизин түздү. Бул келишим сооданы өнүктүрүү, техникалык кызматташтык жана экономикалык өнүгүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган. Түркия Түндүк Кипр Түрк Республикасынын коопсуздугун камсыздоо үчүн аскердик колдоо көрсөтүүдө. Бул контекстте Түрк куралдуу күчтөрүнүн Кипрде болушу аралда тынчтык жана ырааттуулуктун сакталышында маанилүү роль ойнойт. Эки өлкөнүн коргонуу кызматташтыгы биргелешкен машыгуулар жана билим берүү программалары аркылуу чыңдалууда.
Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги энергия булактары жана деңиз юрисдикциясына байланыштуу өнүгүүлөр, Түркия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты дагы да маанилүү кылды. Түркия ТКТРдин укуктарын коргоо максатында аймактагы бургулоо жана изилдөө иштерин колдоп, эл аралык платформаларда Түндүк Кипр Түрк Республикасынын кызыкчылыктарын жактоодо. Бул кызматташтык аймактагы тең салмактуулукту сактоо үчүн өтө маанилүү.
Түркия Республикасы менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын ортосундагы мамилелер тарыхый жана маданий байланыштардан тышкары стратегиялык өнөктөштүктүн негизинде калыптанган. Эки өлкөнүн ортосунда саясий, экономикалык, коргонуу жана маданий тармактарда терең кызматташтык бар. Кипр маселесинде адилеттүү жана туруктуу чечимге жетишүү аракети Түркия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын орток максаттарынын арасында. Бул күчтүү карым-катнаштар аймактык туруктуулукту жана тынчтыкты камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт.
Эл аралык мамилелер боюнча адис др. Жемил Догач Ипектин сереп салуусун окудуңуздар.