Дүзженин кант камышы пекмези
Түркиянын географиялык каттоодон өткөн өнүмдөрү-49
Дүзженин кант камышы пекмези
Катталган күнү: 24.05.2021
Түркиянын Кара деңиз жээгиндеги шаарлардын бири Дүзжеде өлкө боюнча көп кездешпеген айыл чарба өнүмүнөн жасалган пекмез (патока) түрү бар. Шаардын айыл жерлеринде байыркы доорлордон бери кант камышы өндүрүшүнүн табигый натыйжасы болгон «Дүзже кант камышы пекмези» Облустук айыл чарба жана токой чарба директорлугунун кайрылуусу менен 2021-жылы Түркиянын географиялык каттоодон өткөн өнүмдөрүнүн тизмесине киргизилген. Пекмездин азыгы болгон кант камышынын өндүрүшү Дүзжеде жаан-чачындуу мезгилге байланыштуу айыл чарба өнүмдөрүнүн сугатка муктаж эместигинин натыйжасы болуп саналат. Пекмез өндүрүү үчүн кант камыш өсүмдүктөрү октябрь айында жыйналып, кечиктирбестен кайра иштетилет. Адегенде кант камышынын сабагы жалбырактарынан жана уруктарынан тазаланып пресс машинасында сыгылат жана ширеси алынат. Кант камышынын ширеси 4 жолу майда торчолуу чыпкалардан өткөрүлүп, жез казандарга куюлат жана оттун чогунда кайнатылат. Ошол эле учурда пекмез түбүнө жабышбашы жана күйүк жыт пайда болбошу үчүн тынымсыз аралаштырылат. Кайнап жатканда пекмездин бетинде пайда болгон көбүктү кашык менен алып салуу керек. 10 литр пекмез болжол менен 50 литр кант камышынын ширесинен өндүрүлөт. Пекмездер ылайыктуу айнек же пластик идиштерге куюлуп, таңгакталып керектөө үчүн сунушталат.