Энвер Паша
Түрк дүйнөсүнө арналган өмүрлөр-23
Урматтуу окурмандар, бул жумада сиздерге Осмон дөөлөтү тарбиялап чыгарган жана Осмон дөөлөтүн, ошондой эле түрк элдерин көз карандысыздыкка жеткирүүнү максат кылган, улуу инсан, түрк генералы Энвер Паша тууралуу кеп кылабыз.
Өз аты Исмаил Энвер, Стамбулдун Диванйолу аймагында төрөлгөн Энвер Паша, Манастырлык Сурре Эмини Ахмет жана Айша айымдын беш баласынын эң улуусу болгон. “Мектеб-и Харбийе-Шахане” деп аталган аскердик окуу жайында окуп жүргөндө II-чи Абдулхамитке (1876–1909) каршы үгүт иштеринин таасирине кабылган. Мына ушул себептен Энвер Паша Йылдыз сарайында суракка алынып, бирок соттолгон эмес. 1908-жылы “Конституциялык монархия” жарыяланганда Энвер Паша алдыңкылардан болуп колдогон. Ал Манастыр аймагында тоого чыгып, II-чи Абдулхамитке каршы көтөрүлүш чыгарган эң тажрыйбалуу офицер болгон. Бул саясий жана аскердик күрөштөрүнүн натыйжасында конституция Стамбулда жарыяланганда "Эркиндиктин баатыры" деген наамга ээ болгон. Ошол күндөн тартып Осмон дөөлөтүнүн “Биримдик жана Прогресс комитетинин” аскерий кыймылынын таанымал ысымдардын бирине айланган.
Энвер мырза 1909-жылдын 5-мартында Осмон дөөлөтүнүн Берлиндеги аскерий атташеси болуп дайындалып, ал жерде эки жылдай кызматын өтөгөн. Италия Триполи аймагына кол салгандан кийин ал мекенине кайткан жана 1911-жылдын 3-сентябрында Селаникте “Биримдик жана Прогресс комитетинин” Борбордук кеңешинин жыйынында Италияга каршы партизандык согуш жүргүзүү идеясын жактаган. Бул максат менен падыша жана өкмөттүн өкүлдөрү менен макулдашып, 1911-жылдын 10-октябрында Александрияга барууну көздөп чыккан. Ал жолдо Египедде, Бенгази жана Тобрук шаарларында араб лидерлери менен жолугушууларды өткөрүп, 1911-жылдын 1-декабрында Айн-эл-Мансур коктусунда өзүнүн аскердик штабын негиздеген. Триполи аймагында Италия аскерлерине каршы бир топ ийгиликтерге жетишкен. Ошол жылдары уланган согушта активдүүлүгү менен жергиликтүү эл арасында да таанылган.
Катуу сындарга карабастан, жаш кезинде тез таанылышынын натыйжасында аброю анан “Биримдик жана Прогресс комитетинин” иш-аракетиндеги активдүүлүгү менен 1914-жылдын 3-январында жогорку аскердик “Мирлива” даражасына көтөрүлгөн. Ошол эле күнү Ахмет Иззет Пашанын ордуна Согуш министри болуп дайындалган. 33 гана жашта, армияда баатыр катары таанылган жаш таланттын Согуш министри болушу Осмон дөөлөтүнүн жаш интеллигенция өкүлдөрү арасында чоң үмүттөрдү жараткан. Анын Македониядагы душмандарга каршы, Триполидеги италиялыктарга каршы жана 1908-жылдагы “Конституциялык монархия” үчүн жасаган эр жүрөк аракеттери менен жаш офицерлерди шыктандырган. Айрыкча Шүкрү Паша сыяктуу атактуу пашалардын да ичинде болгон 280 жогорку даражалуу Осмон офицерлерин өргүүгө кетирип, армияны жаңылаганы анын кайраттуулугунун жана уюштуруучулук жөндөмүнүн күчтүү экенин далилдейт. Чөйрөсүндөгүлөр "мекенди сактап калуу" үчүн жаралган жоокер деп кабыл ала башташкан. Энвер Пашанын бул аракеттери бир жагынан Түркия Республикасынын негиздөөчүсү болгон Мустафа Кемал, Казым Карабекир, Февзи Чакмак, Исмет Инөнү сыяктуу жаш офицерлерге жол ачып, алардын көтөрүлүшүнө шарт түзгөн.
Энвер Паша Россиядагы большевик төңкөрүшүнөн кийин Кавказ жеринде Осмон-Герман мамлекеттеринин саясий кызыкчылыктарынын кагылышында жеңилүүнү каалаган эмес. Анткени, анын миссиясында Кавказ аймагы маанилүү орунга ээ болгон. Кавказ аймагы “Туран” жолунда жайгашкан жана ал жерде түрк элдери байырлаган. Биринчи дүйнөлүк согуштун соңуна жакындаган сайын 1918-жылдын март-апрель айларында Энвер Паша Осмон дөөлөтү жана анын союздаштарынын бул узакка созулган согушта жеңилип калганын түшүнүп, аскердик чараларды көрүүгө аракет кылган. Анын көргөн эң маанилүү чарасы Кавказда Осмон дөөлөтүнүн 3-армиясын кайра уюштуруу жана күчтөндүрүү болгон. Ошондой эле бир тууганы Нури Пашанын командачылыгында “Кавказ-Ислам” армиясын куруу болгон. Энвер Паша согушта жеңилип калганда душмандын мекенге, анын ичинде Анадолуга да кол салаарын алдын ала билген. Мындай баскынчылыкка каршы түштүк Кавказияда 1918-жылдын башынан бери жасаган аскердик уюмун колдонуу менен согуштун «экинчи фазасын» баштап, боштондук күрөшүн ийгиликтүү өткөрүүнү максат кылган.
Бирок саясий татаал кырдаалдан улам 1918-жылы 1-ноябрь түнү Энвер Паша союздаштары менен бирге убактылуу мекенинен чыгып кетишкен. Болбосо өлүм жазасы берилээрин боолгошкон. Бирок чет өлкөдө жүргөндө дагы Анадолуда башталган боштондук күрөшүнүн ар бир кадамына кызыгып, салым кошууга умтулушкан. Муну Энвер Пашанын да, башка союздуктардын да Мустафа Кемал Пашага жазган каттарынан түшүнөбүз.
Энвер Паша жана башка союздаштары менен 1918-жылдын 3-ноябрында Севастопольго жетишкен. Ал жердеги немис аскер өкүлдөрү бул союздаш лидерлерди Берлинге жөнөтүүнү сунушташкан. Бирок Энвер Паша Закавказьядагы Ислам армиясынын кыймылын жүргүзүп жаткан Халил Паша жана бир тууганы Нури мырзанын жанына барууну пландаган. Энвер Пашанын Севастопольдон Кавказ жергесине өтүү максатынын биринчи аракети ийгиликсиз болгон. Ошол учурда союздаш өлкөлөр Закавказьядагы Осмон аскерлерин командалык кеңештен бөлүп салганын билип, Энвер Паша Кавказга эмес, Стамбулдан бирге жолго чыккан досторунун жанына - Берлинге барууга чечим чыгарган. 1919-жылдын апрель айында Берлинге барып, Бабельсберг шаарчасына жайгашып, Германияда кайрадан уюшулуп жаткан “Биримдик жана Прогресс комитетинин” иш-чараларына катышкан.
Большевиктер Кавказ жерине ээлик кыла баштаганда Энвер Паша большевиктер менен келишим түзүп, алгач Москвага, андан соң Түштүк Кавказга барууну максат кылган. Энвер Паша Берлинден Москвага жетиш үчүн 1919-жылдын апрелинен 1920-жылдын августуна чейин төрт жолу жолго чыгып, бирок тоскоолдуктардан улам төртүнчү жолу гана жете алган. Энвер Паша Большевик төңкөрүшчүлөрдөн болгон Радек жана Зиновьев менен Москвадан Бакуга барып, ал жердеги Чыгыш элдеринин тарыхый маанилүү биринчи түркология конгрессине катышкан. Бул мезгилде Орто Азия түрктөрү большевиктердин жардамы менен эгемендүүлүккө ээ болот деп ишенген Энвер Паша Большевиктерден күткөн үмүтүн таш капкан.
Ушул себептен ал “Тешкилат-ы Махсуса” бирикмесинин мурдагы жетекчилеринен Кушчубашы Хажы Сами жана мурдагы союздаштары менен бирге Бакудан Бухарага жол алган. Анын максаты Түркстандын көз карандысыздык кыймылын жүргүзгөн басмачыларды колдоо болгон. Бул максатына жетүү үчүн орус большевиктерине каршы күрөшкө киришкен. Бирок 1922-жылы 4-августта Белчуван аймагындагы Абыдарыя кыштагынын жанындагы Чеган дөңсөөсүндө орус большевиктерине каршы кагылышта курман болгон.
Энвер Пашанын өмүр бою саясий жана аскердик ишмердүүлүгүндө эки негизги максатты көздөгөнүн көрүүгө болот. Биринчиси, Осмон дөөлөтүн жыгылуудан сактап калуу, экинчиси, колониялык башкаруудагы түрктөрдүн эгемендүүлүккө ээ болушун камсыздоо. Энвер Пашанын бул эки негизги максаты менен өмүрүн текке кетирбегенин жана кийинки муундарга үлгү боло турган инсан катары дайыма тарыхта жазылып калаары айныксыз чындык.
ТРТнын Кыргызча бөлүмү үчүн программаны даярдаган Назгүл Кадырова
SİN
KAYNAKLAR:
1. BADEMCİ, Ali, 1917-1934 Türkistan Millî İstiklâl Hareketi ve Enver Paşa, İstanbul 1975.
2. ARSLAN, Emin Şekip, Şehit Enver Paşa ve Arkadaşları, Samsun İl Matbaası, Samsun 1948
3. https://ataturkansiklopedisi.gov.tr/bilgi/enver-pasa-1882-1922/