Ыспартанын Сениркент келин баш кийими

Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрү-48

2216607
Ыспартанын Сениркент келин баш кийими

Ыспартанын Сениркент келин баш кийими

Катталган күнү: 24.08.2021

Түркиянын Жер Ортолук деңиз аймагындагы кооз Торос тоолорунун этегинде жайгашкан Ыспарта шаарынын Сениркент району тарыхый баш кийимге атын берген. "Сениркент келин баш кийими" райондук муниципалитеттин кайрылуусу менен 2021-жылы Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрүнө кошулган. Сениркент келин баш кийими- скелет бөлүгү крахмалданган жана катууланган кийизден жасалган, үстү аймакка мүнөздүү жасалгаланган баш кийим болуп саналат. Кол менен жасалган Сениркент келин баш кийиминин тарыхы кылымдар мурун башталган түрк каада-салттарынан келет. Баш кийимди күйөө баланын үй-бүлөсү тигип, той алдында болочок кызга белекке беришет. Сениркент келин баш кийими кишиге атайын жасалгандыктан алгач болочок келиндин башынын өлчөмү алынат. Андан соң крахмалдалган жана катууланган кийиз даярдалып өндүрүш башталат. Баш кийимдин алдыңкы жагында 20 грамм алтындан же алтынга окшош оюм-чийимден турган "чекелик" деп аталган бөлүм бар. Чекеликтин үстүнкү катарына болсо 80 грамм алтын жайгаштырылат, оң жана сол жагына бирден республика алтынынын монетасы тигилет. Баш кийимдин үстүнкү бөлүгүндө өсүмдүк таажы бар. Бул бөлүмдө да апийим өсүмдүгүнө мүнөздүү ар кандай өлчөмдөгү 16 түстүү гүл бүчүрлөрүнүн мотивдери жайгашат. Бүчүрлөр коюлгандан кийин келин баш кийими асыл таштар, янтарь жана жасалгалар менен кооздолот жана Сениркент келин баш кийими той үчүн колдонууга даяр болот.



Тектеш кабарлар