Вильгельм Радлов

Түрк дүйнөсүнө арналган өмүрлөр-22

2215731
Вильгельм Радлов

Урматтуу окурмандар, бүгүн биз түрк тил илиминин негиздөөчүсү, түркология коомчулугунда «түркологиянын атасы» катары таанымал атактуу тилчи Фридрих Вильгельм Радлов тууралуу сөз кылабыз.

Түркология жана өзгөчө түрк диалектологиясынын негиздөөчүсү жөнүндө сөз болгондо алгачкылардан болуп Вильгельм Радлов айтылат. Учурдагы түркология илиминин түптөлүшүнө жол ачкан Фридрих Вильгельм Радлов түрк дүйнөсүнө кылган кызматы үчүн “түркологиянын атасы” катары белгилүү. Радлов 1837-жылы Берлинде милиция кызматкеринин үй-бүлөсүндө туулган. 1854-жылы Берлин университетинин философия факультетине тапшырган. Философиядан тышкары тил илимине кызыгып, белгилүү тилчилердин лекцияларына жана конференцияларына катышкан. Бул - тилдерге болгон кызыгуусу иврид, араб, перс, кытай жана манчжур сыяктуу чыгыш тилдерин изилдөөсүнө чейин өнүккөн. Радловдун чыгыш тилдери боюнча адис катары такшалышына немис окумуштуусу, чыгыш таануучу Вильгелм Шотт чоң роль ойногон. Андан монгол, татар, манчу, кытай тилдерин үйрөнгөн. Ушундай кызыгуудан улам Орусияга барууну чечип, орус тилин үйрөнө баштайт. Ал 1858-жылы Йена университетинен докторлук даражасын алып, ошол эле жылы Орусияга кеткен. Ал Санкт-Петербург университетине экзамен тапшырып, мугалимдик дипломун алып, Барнаулдагы мектепке мугалим болуп дайындалган.

        Орусияга көчүп келген Радлов түрк урууларынын тили, тарыхы, фольклору жана этнографиясына басым жасайт. Радловдун чыныгы илимий иши – ал 22 жашында Сибирге саякатка чыгып жана ал жерде 12 жыл жашаган жылдарында болгон. Кышында мугалимдик кесипти аркалап, жайында Сибирде, Түркстанда жашаган ар кайсы урууларды кыдырып, тил, маданиятка байланыштуу булактарды жазып алган. Радлов саякаттарында түрк тили, элдик адабият, фольклор, археология, география, статистика жана экономика тармактарында материалдарды чогулткан. 1866-жылы жарык көргөн «Түрк урууларындагы элдик адабияттын үлгүлөрү» аттуу биринчи эмгегинин баш сөзүндө жазган билдирүүсүнөн түрк элдерин жакындан тааныганын көрүүгө болот. Ал бул кириш сөзүндө түрк урууларынын тилдери тууралуу мындай деп жазган: «Дүйнөдөгү бир дагы тил - түрк тилиндей чоң аймактарга тараган эмес. Түрк тилдүү уруулар Африканын түндүк-чыгыш аймагынан Түркияга жана Орусиянын түштүк-чыгышынан Сибирдин түштүгүнө жана Гоби чөлүнүн ички аймактарына чейин жашайт. Исламды кабыл алгандан кийин алардын көбү башка улуттардын жана өзгөчө диндештери араб жана перстердин таасиринде болушкан. Мындай таасирди өзгөчө адабий чыгармалардан көрүүгө болот. Алар өз тилине туура келбеген араб жазуусун кабыл алып гана тим болбостон, жазма тилинен миңдеген сөздөрдү алып, ар кандай түстүү тактар ​​түшүрүлгөн көйнөккө окшоштуруп жазма тилди да түзүшкөн. Бул жазма тил табигый түрдө түрк элдерине түшүнүксүз болуп, элдин маданий деңгээлин көтөрбөй эле элдик маданиятын жаңылоочу сөздөр болбогондуктан тилдери өзүн-өзү туңгуюкка учураткан».

        Радловдун Орусиядагы жашоосу жана илимий ишмердигин үч мезгилге бөлүп кароого болот. Алар: Алтай, Казан жана Петербургда жашаган жылдары. Өзүнүн биринчи мезгилинде, 1859-1871-жылдары Алтай жана Батыш Сибирь түрктөрүнүн тили, этнографиясы жана фольклору боюнча материалдарды чогулткан. Чыгыш Кыргыз талааларында, Хакасия жана Жетисуу аймактарында изилдөө жүргүзгөн. Ал эми 1871-1884-жылдар аралыгында Казанда педагогикалык жана административдик иштер менен алектенген. 1884-1918-жылдар аралыгында болсо Петербургда Азия элдеринин тарыхы жана адабияты тармагында «ардактуу академик» наамын алышы менен башталган. Анын түркологияга кошкон маанилүү салымдарынын бири - руникалык жазма эстеликтердин ачылышы болуп, 1891-жылы Радлов баштаган делегация Монголияга барып изилдөө иштерин жүргүзгөн. Ал ошол эле учурда иштеген «Кодекс Куманикус», «Кут алчу билим» сыяктуу шедеврлерге чоң салым кошкон. Эң чоң эмгеги – 1888-жылы жарык көргөн “Түрк диалекттеринин сөздүк очерки” болгон. Радлов уйгур кол жазмаларына жана чыгармаларына да жакындан кызыгып, бул темада көптөгөн изилдөөлөрдү жазган.  Илимий-изилдөөлөрдүн үстүндө иштеп жүргөндө, административдик иштер менен да алектенген. Ал 1885-1890-жылдары Илимдер академиясынын Азия музейинин, 1894-1918-жылдары Антропология жана этнография музейинин директору болгон. Орус географиялык коому, Сибирь изилдөө коому, Орус археологиялык коому сыяктуу мекемелердин иштерине активдүү катышкан. Ал университеттерде сабак бербесе да,  Н.Ф. Катанов, П.М. Мелиоранский, С.Е. Малов, А.Н. Самойлович сыяктуу көптөгөн атактуу окумуштууларды даярдоого чоң салым кошкон. Радловдун макалаларынан жана саякат жазууларынан тышкары жалпысынан 20 маанилүү эмгек жарык көргөн. 1918-жылдын 29-апрелинде Петербургда каза болгон Радловдун түркология тармагынын «баштоочусу» экенин артында калтырган төмөнкү жазуусунан түшүнөбүз: «Мен өмүр бою түркология деген жаңы илимдин түптөлүшүн жана өнүгүшүн баштан өткөрүп, бул илимдин өнүгүшүнө колдон келишинче кызмат кылдым. Ошондуктан менин изилдөөлөрүм башкалардын жардамын талап кылган илимдин бул тармагын бүтүрүүгө, түркологияны улантууга пайдубал болуудан башканы билдирбейт».

        Вильгельм Радлов түрк дүйнөсүн түрдүү өңүттөн изилдеген, түркология тарыхында жаңы доорду ачкан, 81 жылдык өмүрүнүн 60 жылын ушул изилдөөлөргө арнаган түрколог катары тарыхта ар дайым кала берет.

ТРТнын кыргызча бөлүмү үчүн программаны даярдаган Назгүл Кадырова 

 

 

SİN

 

 

 

 



Тектеш кабарлар