Малатиянын шпинаттуу кычкыл котлети

Түркиянын географиялык каттоодон өткөн өнүмдөрү-47

2214433
Малатиянын шпинаттуу кычкыл котлети

Малатиянын шпинаттуу кычкыл котлети

Катталган күнү: 21.11.2022

Түркиянын тарыхый шаарларынын бири Малатияга мүнөздүү даам болгон «Шпинаттуу кычкыл котлет» Йешилйурт муниципалитетинин арызы боюнча 2022-жылы Түркиянын географиялык каттоодон өткөн өнүмдөрүнүн арасына кирди. Шпинаттуу кычкыл котлетти даярдоодо майдаланып жарылган буудай, шпинат, пияз, жашыл жасмык, калемпир жана томат пастасы менен географиялык жактан көрсөтүлгөн дагы бир өнүм болгон Малатия кара өрүгү колдонулат. Адегенде майда жарылган буудайга бир аз туз кошулуп, ысык сууга бир азга коюлат. Жумшартылган буудай жабышчаак камыр алуу үчүн жуурулат. Камырды өтө майда бөлүктөргө бөлүп, алаканга салып тоголоктоп алабыз. Майда тууралган пиязды казанга бир аз куюлган майга кызгылт болгончо кууруп алабыз. Калемпир менен томат пастасын кошуп, томат пастасы эригиче аралаштырабыз. Бул аралашмага суу менен жасмыкты кошуп, дагы 20 мүнөт кайнатабыз. Катлеттер болсо өзүнчө казанда 5 мүнөт кайнатылат. Майда тууралган шпинатты кошкондон кийин эки аралашманы бириктирип, жай отто 30 мүнөт бышырабыз. Тамакка кычкыл даам берүү үчүн Малатьянын кычкыл кара өрүгүн кошуп, мештен алып салабыз. Шпинаттуу кычкыл котлеттер ысык берилет.



Тектеш кабарлар