Израилдин Иранга карата кол салуусу жана андан кийинки абалдар

Апталык анализ - 44.2024

2205754
Израилдин Иранга карата кол салуусу жана андан кийинки абалдар

Израилдин Тегеранда Хамастын лидери Исмаил Ханияны өлтүрүшү жана Ливандагы Хизбуллах лидерлерине кол салуулары менен тоскоолдугу сыналган Иран; Израилге баллистикалык ракеталар менен жооп кайтарган. Андан кийин Израиль Иранга жооп кайтаруу чабуулу менен жооп берди. Бул күтүлгөндөй чоң чабуул болбосо да, Ирандын абадан коргонуу системалары жана кээ бир маанилүү аскердик объектилерине сокку урулду. Эми бардык көңүлдөр  Иранга бурулду.

СЕТАНнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу баа берүүсүн угуңуздар.

Израиль жуманын соңунда Иранга каршы көптөн күткөн жооп кайтаруу  чабуулун жасады. Ирак жана Сириянын аба мейкиндигин пайдаланып, болжол менен 100гө жакын Ф  - 16, Ф - 15 жана Ф - 35 үлгүсүндөгү аскердик  учактар ​​менен 3 башка толкунда Иранга кол салды. OSNIT булактарынын айтымында, биринчи визуалдык сүрөттөр Ирандын абадан коргонуу системалары менен кээ бир маанилүү ракета жана курал объектилерине сокку урулганын көрсөтүүдө. Ирандын билдирүүсүнө караганда кол салууда 5 киши каза болду. Бирок, чабуулдун күтүлгөндөй күчтүү болбогону жана салыштырмалуу чектелген кадам экендигин айтууга болот. Албетте, бул жерде АКШнын Израилге жасаган кысымы жана операцияга колдоо көрсөтпөшүнүн чоң таасири бар.  Натыйжада Иран менен Израилдин ортосунда болжол менен 1500 км аралык бар жана Израилдин техникалык каражаттары жана көлөмү ыктымалдуу мүмкүнчүлүктөрдү чектеп жатат.   Израилдин Ирандын өзөктүк программасына каршы биргелешкен операция жасоо сунушу АКШ тарабынан четке кагылып, Ирандын мунай экспорттук инфраструктурасына сокку урууга да АКШ тоскоол болду. Нетаньяху  каалаган нерсесин так ала алган жок, ошондуктан Ирандын катаал билдирүүлөрүнө карабай жооп кайтарышы күтүлбөйт. Бул факторлор кыска мөөнөттө мамлекеттер аралык чоң согуштун чыгуу мүмкүнчүлүгүн азайтат. Бирок Израиль Газада да, Түштүк Ливанда да басып алуу жана жарандык кыргындарды улантууда.  Хамас жана Хизбуллах  болсо партизандык типтеги  асимметриялык каршылыктары менен Израиль армиясын чоң жоготууларга учуратууда.  Израил үчүн азыркы абалды  улантуу мынчалык оор жоготуулар менен оңой көрүнбөйт.  Израиль жараны болгон палестиналыктар   күн сайын Израилдин ичинде кол салууларды ишке ашырууда бул да Израилди чарчатууда.

Нетаньяху жана анын согуш кабинети Трамп мезгилин күтүп жатышат. Трамптын жетекчилигинде АКШнын Израилди дагы күчтүү түрдө  колдой тургандыгы болжолдолууда, бирок Иран менен согушка түздөн - түз катышышы күтүлбөйт. Бул абалдын АКШнын кызыкчылыгына кызмат кылбай турганы анык жана сионисттер менен тил табышып шайлоодо артыкчылыкка ээ болгусу келген Трамп президент болуп калса кандай саясат жүргүзөрү белгисиз.



Тектеш кабарлар